Марлен Маматалиев Германиянын Бранденбург федералдык жеринин парламентинин президенти Ульрике Лидтке менен жолугушуп, кесиптик билим берүү жана эмгек миграциясы тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого шарт түзө турган меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Документ университеттер аралык түз байланыштарды өнүктүрүүгө да багытталат.
Марлен Маматалиев кош диплом берүү программаларын жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү кеңейтүүнүн маанисин белгилеп, Герман академиялык алмашуу кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгү жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын айтты. Ал ошондой эле Германиянын башка аймактары менен ийгиликтүү ишке ашкан келишимдерди мисал келтирип, Бранденбург менен саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында ушундай эле өнөктөштүктү жолго коюуну сунуштады.
Өз кезегинде Ульрике Лидтке аймакта кадрлар тартыштыгы бар экенин белгилеп, жергиликтүү окуу жайлардын базасында билим берүү демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Бранденбургдун бюджети (17 млрд евро) жана жергиликтүү парламенттик көзөмөл механизмдери тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун алкагында кыргыз делегациясы немис бизнес өкүлдөрүн инвестициялык долбоорлорго катышууга чакырып, өлкөдө чет элдик капиталды коргоо үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
