Жаш манасчылар арасында республикалык кароо-сынак өтөт

Кыргыз улуттук «Манас» театры жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо максатында республикалык кароо-сынак уюштурат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — Манас эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле жаш муундун чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан алдын ала тандоо этаптарынан өткөн жаш манасчылар катышат. Финалдык турда алар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, мыкты аткаруучулар аныкталат.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай кароо-сынактар улуттук маданиятты сактоого жана манасчылык өнөрдү кийинки муундарга өткөрүп берүүгө чоң салым кошот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз