Касымалиев Дүйнөлүк банк өкүлү менен макроэкономикалык туруктуулукту талкуулады

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аймактык директору Абебе Адугна менен жолугушуп, Кыргызстандагы макроэкономикалык туруктуулук жана стратегиялык объекттерди каржылоо маселелерин талкуулады.

Жолугушуу Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү. Адылбек Касымалиев өлкөдөгү учурдагы экономикалык абал боюнча маалымат берип, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвесторлордун ишениминин өсүшү тууралуу белгиледи.

Тараптар климаттын өзгөрүшүнө адаптация, “жашыл” экономикага өтүү жана саламаттык сактоо менен билим берүү тармактарын модернизациялоо аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле Кыргызстан “AgriConnect” демилгесине активдүү катышууга кызыкдар экенин билдирди. Бул программа фермердик чарбаларды дүйнөлүк рынокторго интеграциялоого багытталган. Өз кезегинде Абебе Адугна Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө жогору баа берип, өлкөдөгү реформалардын масштабы жана ылдамдыгы таасирдүү экенин белгиледи.

Ал Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору, туризмди өнүктүрүү жана агрардык секторду модернизациялоо Дүйнөлүк банк үчүн артыкчылыктуу багыттар бойдон кала берерин ырастады. Жыйынтыгында тараптар талкууланган долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү үчүн биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгууга макулдашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз