Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин утурлай чоң масштабдагы медиа форум өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек Кытай Эл Республикасынын “Жэньминь жибао” мамлекеттик гезитинин жетекчилери баштаган делегация менен жолукканда белгилүү болду.
Тараптар жолугушууда “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү менен Кытай мамлекеттик “Жэньминь жибао” гезити кызматташуу тууралуу макулдашышты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташунун баскычтары, тажрыйба алмашуу тууралуу пикир алышып, Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитин чагылдыруу боюнча алдыда жигердүү иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Өз кезегинде “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек эл аралык деңгээлде мааниси чоң иш-чараны дүйнөгө кеңири чагылдыруу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Май айында Бишкекте ШКУ саммитин утурлай ага мүчө мамлекеттердин ММКларынын башын бириктирген чоң масштабдагы медиа форум өтөт. Быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык кылаары белгилүү. Бул форум ошонун алкагында өткөрүлмөкчү. Сөзсүз түрдө ШКУга мүчө мамлекеттердин арасындагы күн тартибиндеги маселелерден тышкары Кыргызстандын туристтик потенциалы да журналисттерге көрсөтүлөт. Ошондуктан бул иш-чара биз үчүн өтө маанилүү.”, — деди Байтерек.
Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин 100дөн ашуун медиа уюмдарынын өкүлдөрү катышат.