Башкы беткеСоциалдыкАйдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу аяктады

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу аяктады

Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү жаңы үлгүдөгү документтерге акысыз алмаштыруу боюнча улуттук кампания жыйынтыкталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, 2025-жылдагы жаңы үлгүдөгү күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу 2026-жылдын 31-мартында расмий түрдө аяктады. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин күбөлүктөрдү алмаштыруу улантылат, бирок мурдагы тартипте — акылуу негизде жүргүзүлөт. Белгиленгендей, жарандардан медициналык маалым кат талап кылынбайт.

Мындан тышкары, 31-мартка чейин күбөлүгүн алмаштырууга арыз берген жарандар каттоо мөөнөтүнө карабастан, документтерин мурдагы шарттар менен ала алышат. Жарлыкка ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга кампаниянын жыйынтыгы боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүү жана жыйынтыктоочу отчетторду даярдоо тапшырылды. Ошондой эле бул кампанияны баштаган 2026-жылдын 22-январындагы документ күчүн жоготту деп табылды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар