whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаКыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тери жана жүн тармагындагы кызматташтык талкууланды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тери жана жүн тармагындагы кызматташтык талкууланды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев Өзбекстандын «Узчармсаноат» ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандан Өзбекстанга тери экспорттоо жана бул тармактагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

«Узчармсаноат» ассоциациясы кыргызстандык терини сатып алууга, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстандын жүн иштетүү тармагындагы тажрыйбасына жогору баа берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тери экспорттоо жана жүн иштетүү маселелерин тереңирээк кароо максатында видеоконференция өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Маалымат үчүн: «Узчармсаноат» ассоциациясы — Өзбекстандын тери жана бут кийим, галантерея, мех жана жүн өнөр жайы ишканаларын бириктирген тармактык уюм. Ассоциация өндүрүштү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана ишканалар аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар