Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекеттин экономикасынын өнүгүшү өлкөдөгү дасыккан окумуштууларга, тажрыйбалуу адистерге, илимдүү, билимдүү кызматкерлерге, жаштарга, орто жаштагыларга байланыштуу экени баарыбызга маалым. Саясий, экономикалык, социалдык себептерден жана жакшы жашоону эңсөөдөн улам кайсы бир өлкөдөн адистердин, билимдүү жаштардын сыртка карай агылышы ал мамлекетти абдан алсыратып коёрун да көрүп, билип жүрөбүз. Ар тармактын такшалган, жоктон бар кыла турган билимдүү адистеринин массалык эмиграциясын орусча “утечка мозгов” деп келебиз. Негизинен бул термин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин окумуштуулар жана инженерлердин Улуу Британиядан Түндүк Америкага болгон агымын сүрөттөө үчүн британиялык Королдук коом тарабынан (англисче brain drain) киргизилген. Учурда “акылдардын сыртка карай агылуу” көйгөйү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн да баш оорусуна айланды. Себеби, акылдуу, жаратман адамдар өлкөдөн чыгып кетсе ал өлкөнүн экономикалык, илимий потенциалы азайып, билим берүү жана саламаттык сактоо сапаты кес-кин төмөндөөрүн эксперттер эскертип келишет. Жаштардын, тажрыйбалуу адистерибиздин ар жылы сыртка агылып жатышын эске алып, бул боюнча кенен ой жүгүртүп көрүүнү туура көрдүк.
“Акыл казынабыздын” акыбалы кандай?
Эми “Өңгөнү коюп өзүңдү айт” дегендей Кыргызстандагы “мээ агымына” абай салалы. СССР тарагандан бери ишке жарамдуу жарандарыбыз сыртка кетип отуруп, учурда чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын саны 1,5 миллиондон ашты. Эмгек мигранттарынын 20 пайызга жакыны жогорку билимдүү болсо, 10 пайыз-дайы орто профессионалдуулар. Кыргызстан ЕАЭБге киргени мигранттардын көбүн кыз-келиндер, аялдар түзө баштаганы да кооптондурат. Себеби бул барып-барып улуттук генофондго түздөн-түз терс таасирин тийгизери белгилүү. Ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдө окуган студенттеринин 33 пайызынын Мекенге кайтуу ою жок. Кыргызстандык эксперттердин, окумуштуулардын пикиринде, азырынча Кыргызстан өз күчү менен жарандарын жогорку технологиялык адистиктерге окута албайт. Ага жетишүү үчүн ири алдыда билим берүү системасы толугу менен интеграцияланып, окуу мекемелери Япония, Кытай, Американын, Европа өлкөлөрүнүн ЖОЖдору менен тыгыз тажрыйба алмашуулары керек. Тилекке каршы, акыркы жыйырма жылда кыргыз абитуриенттеринин, студенттеринин, тажрыйбалуу адистеринин сыртка карай агымы басаңдабай келет.
Тышкы миграциянын мындай күч алышынан улам өлкөбүздүн билим берүү, илим, өнөр жай жана саламаттык сактоо тармагында квалификациялуу кадрлар жетишсиз болуп жатканы да жашыруун эмес. Эл аралык эксперттердин иликтөөлөрүндө Кыргызстанда жыл санап интеллектуалдык миграция “жашарып” бара жатканы жана бул келечекте өлкөдөгү илимий кадрлардын катастрофалык дефицитин жаратары айтылат. Бул албетте, экономикалык өнүгүүгө олуттуу кедергисин тийгизери турган иш. Албетте, сырттан окуп, иштеп келип Кыргызстанда ийгилик жаратып жаткан жаштарыбыз, кадрларыбыз да бар. Бирок, андайлар ар облуста саналуу гана.
Кол ийрисине тартат
Албетте, мекендештерибиздин сыртка чыгып билим алып, иштеп, тажрыйба топтоп жатышынын да жакшы жактары арбын. Анткени алардын айрымдары чет өлкөлөрдө илим, техника жана ар кыл тармактарда ийгилик жаратуу менен кыргыз элин дүйнөгө таанытып жатат. Ошол себептен “Дегеле таланттуу адистердин эмиграциясынан кооптонууга болобу?” деген суроо туулбай койбойт. Бул суроонун айланасында “Limon.KG” сайты “Утечка мозгов или приток кадров: почему кыргызстанцам нужно учиться за рубежом?” деген жакшы макала жарыялаган. Аталган материалда Лондон экономика жана саясий илимдер мектебинин аяктоочусу Алина Мурзаева адам билимин мезгил-мезгили менен дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларында жаңылап туруу керектигин билдирген. Буга улай ал чет өлкөлөрдө окугандардын дүйнө таанымы, жашоого болгон көз карашы өзгөрүп келерин баса белгилейт. “Ар башка өлкөлөрдөн алган тажрыйба, жаңы адамдар, маданият менен таанышуу ишиңе чыгармачылык менен мамиле кы-лууну үйрөтөт”, – дейт ал.
2014-жылы Кембридж университетин аяктап, кийин Эл аралык ишкерлик кеңешинин аткаруучу директору болгон Аскар Сыдыков сырттан билим алган адамдар тажрыйба топтоо менен бирге өнүккөн өлкөлөрдүн инфраструктурасынын, мамлекеттик органдарынын, билим берүү мекемелеринин иши менен жакындан таанышарын айтат. “Бул бизге чоң пайда. Себеби, сырттагы мекендешибиз идеяларды топтоп, өз өлкөсүндө кандайдыр бир реформа жасашы мүмкүн. Мисалы, мен чет өлкөдө жүрүп өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга, ички, тышкы саясатыбызга сырттан анализ кылдым”, – дейт ал.
Flex жана “XXI кылым кадрлары” программаларынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Аселия Купуева 2003-жылы Дартмут колледжинин астындагы Tuck School of Business мектебинин эки жылдык окуусун бүтүрүп, эл аралык консалтингдик McKinsey компаниясында алгачкы кыргыз кызы болуп карьерасын баштаган. Жакынкы Чыгыштагы ири конгломератта эң мыкты карьера жасаган Аселия 15 жылдан кийин Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн кайтып келген. “Менде дайыма Кыргызстанга кайтып келем деген ой болгон. Жакшы тажрыйба, акча топтогон соң өз өлкөңө кайтып элиң үчүн иштөө жакшы экенин түшүндүм”, – дейт ал. Ошондой эле бул материалда чет өлкөдөгү престиждүү ишин таштап коюп Кыргызстанга келип жакшы долбоорду ишке ашырышкан, кийинки муунга үлгү болуп Ата-Мекендин социалдык маселелерин чечкен инсандар тууралуу маалыматтар берилген. Андыктан, чет өлкөгө кандайдыр бир себептер менен кеткендер Кыргызстан менен болгон байланышын биротоло үзүшөт деп жыйынтык чыгаруубуз да туура эместей.
Колдо бар алтындын…
Чынында башка жарандарга салыштырмалуу кыргызстандыктарда мекенчилдик сезим күчтүү. Ошол себептен, кайда болбосун мекендештерибиздин көбү өлкөгө аз да болсо пайда келтирсем деп далалат кылышат. Тилекке каршы, андай
боордошторубузга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калган учурлар көп. Албетте, андай убакта акылдуу инсандарыбызда кандайдыр бир ызалануу, мамлекетине болгон таарыныч пайда болот. Акылдуу жаштарыбыздын кайра артка кайтпай калышынын себептеринин бири да ушул.
Экинчиден, Кыргызстанда азырынча жаштарды 100 пайыз жогорку квалификациялуу иш менен камсыз кылууга атайын каражат каралып, инвестициялар тартылышы керек. Бул маселени 2014-жылы “Мекендештер 2014: Кыргызстан келечегине салым” форумунда ал кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев баса белгилеп өткөн. “Ар жылы республикада эмгек рыногуна 100 миңден ашык жаштар чыгат. Алардын баарын жумуш менен камсыз кылуу өкмөттүн негизги ишинин бири жана жаштардын арасында потенциалдуулары да аз эмес. Андай кадрларды жогорку квалификациялуу иш менен өлкөбүздө иштеп жаткан жана иштей турган инвесторлор камсыз кыла алат”, – деген эле ал. Ж.Оторбаев айткандай, Кыргызстан таланттуу, акылдуу, тажрыйбалуу жаштары менен мактана алат. Бирок, тиешелүү жашоо шартынын жоктугунан, маяна, турак жай маселесинен улам “жаш акылдар” чет өлкөлөрдө иштегенди көбүрөөк көксөп турушат.
Алсак, Celential, Honorlock, Behavox сыяктуу миллиондогон доллар инвестицияларды тарткан стартаптар кыргызстандыктар тарабынан негизделген. Алардын идеялары бүгүн дүйнөнү өзгөртүп, биздин новаторлордун камсыздоо программаларын, билим берүү долбоорлорун, заманбап медициналык технологияларды жана башкаларды түзүп жатышат. Учурда Google IT-гигантында 34 кыргызстандык иштеп жатса, 20 мекендешибиз Microsoft компаниясынан офферлерди алууга жетишкен. Ошондой эле кыргызстандык кыз-жигиттер Amazon компаниясынын өнүгүшүнө салым кошушканы белгилүү. Мындан сырткары дүйнөлүк илимге салым кошуп келе жаткан Эрдин Бешимов, Асель Сартбаева, Лира Маманова, Кубатбек Муктарбеков сыяктуу профессор, окутуучуларыбыз, окумуштууларыбыз менен сыймыктансак болот. Мекендештерибиздин ийгиликтерин көргөндө “Ушунун баары Кыргызстанда жасалып, өлкөбүз үчүн иштесе болбойт беле?!” деген ой келет. Албетте, мындай адамдарды Кыргызстан пайдасына иштетүү үчүн аларга чет өлкөлүктөрдөй жакшы шарт түзүп берүүбүз керек.
Көмүскө максат
Кыргызстанда азыр ар түрдүү билим берүү программалары сунушталып, таңууланып жатканы баарыбызга маалым. Алардын бири АКШда иштелип чыккан STEM билим берүү модели. Мындай долбоорлордун айрымдары ар кандай кредиттик макулдашуулардын талабы катары таңууланып, “маданияттуу түрдө сунушталуу” менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ишке ашырылып жатат. ЖК депутаты Гуля Кожомкулова эки жыл мурун мындай программалар Кыргызстан мыйзамдарына каршы келбей турганын, бирок, бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык жатканын ортого салган. “Бул модель АКШда ички колдонуу үчүн иштелип чыккан. STEM – бул математика, физика, химия жана табийгый илимдерди бириктирген программа, башкача айтканда, биздин жөндөмдүү балдар үчүн андан ары билим алууга жакшы шарттар түзүлүп жатат. Бул “акыл агымы”. Алар биздин таланттуу жаштарга стипендия жана визалык жеңилдиктерди беришүүдө. Мамлекетибиз адистерди окутуп, даярдап туруп сыртка чыгарып берип жатат. Эгер адистер өлкө экономикасына иштебесе, анда бул мамлекеттик каражатты натыйжасыз нерсеге жумшоо. Бул программаны колдонгон Финляндия менен Түркиянын тажрыйбасын караңыздар, алардын адистери мекенине кайтышкан жок. Ошондуктан билим берүү министри кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп жаткан жокпу деп кызыгып жатам”, – деген ал. Муну мисал кылганыбыз, азыр өнүккөн өлкөлөр ачык да, тымызын да башка өлкөлөрдүн келечектүү “акылдарын”
жууп кетүүгө кызыкдар. Себеби, биринчиден, тартылган акылдар менен ал мамлекеттин экономикасы өнүгөт, экинчиден, “акылы” жуулуп кеткен мамлекеттерди кийин башкаруу, көз каранды кылуу оңой болот. Ошол себептен, балдарыбыз укмуш билим алып, өнүгүп жатат деп ар түрдүү окутуу моделдерине өспүрүмдөрдү түртө берүүдөн да этият болушубуз керек.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда Интеллектуалдык миграция индекси – 6,7 жана бул жогорку деңгээл болуп эсептелет. Эксперттердин айтымында, Борбор Азиядагы “акыл агымынын” 3 сценарийи бар. Биринчиси, “акыл агымы” сакталып калса бул чөлкөмдө илимий тармактар менен инновациялар өнүгөт. Экинчиси, регион өнүккөн өлкөлөргө миграциялык донор боюнча калат. Үчүнчү сценарий болсо, бир нече негативдүү окуяларга туш кылышы мүмкүн. Алар: кадрдык жетишпестик, улуттук экономиканын начарлашы; чет өлкөлүк билими, байланыштары бар оппозициянын түзүлүшү; социалдык көтөрүлүштөрдүн жана саясий экстремизмдин күч алышы. А азыркы геосаясий турбуленттүүлүк шартында “акылы агып кеткен” мамлекетти ири державалар өз кызыкчылыгына оңой-олтоң пайдалана берет. Аны бүгүн Кыргызстан өз жон тери менен сезип жатат. Демек, интеллектуалдык миграция дүйнө жүзүн ойлондуруп жатканда биз дагы сергек акыл жүгүртүп, “акыл агымына” маани беришибиз керек.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”