Башкы беткеМаанилүүЧек арачылар өздөрүн азык-түлүк менен камсыздайт

Чек арачылар өздөрүн азык-түлүк менен камсыздайт

Чек арачылар өздөрүн азык-түлүк менен камсыздайт, ашыкча өндүрүлгөнү сатылат.

Кыргызстанда чек ара кызматы аскер кызматкерлерин азык-түлүк менен камсыздоо үчүн чарбаларды өнүктүрөт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-мартта кол койду.

Чарбалар өзүн-өзү каржылоо негизинде иштеп, аскерлер машыгуудан тышкаркы бош убактысында тартылат. Өндүрүлгөн азык-түлүк чек арачыларды камсыздоого жана запасты түзүүгө багытталат. Ашкан продукция аскерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жарандык секторго сатылат.

Түшкөн каражаттын 25% кампаларды жана инфраструктураны өнүктүрүүгө, 5% аскерлерди стимулдаштырууга, 20% чек ара кызматынын фонддоруна бөлүнөт. Калганы чарбаны өнүктүрүүгө жумшалат. Жергиликтүү бийликтер чарбалар үчүн жер бөлүүгө көмөктөшөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар