whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКара чүмбөттүн тилеги жаман

Кара чүмбөттүн тилеги жаман

2-апрелде УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын имаратында облустун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн ыкчам кеңешмеде “Тартип бузуулар жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана анын талаптарын бузууга жол бербөө үчүн биргелешкен иш-чаралар планы түзүлдү.

Аталган мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда “никабтарды” кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Тилекке каршы, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт. Иш-чаранын алкагында укук коргоо органдары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандарга эскертүү берилип, коомдук жайларда “никаб” кийбөөгө чакырылды.

Күч органдарынын бул чечкиндүү аракеттери коомчулук тарабынан колдоого алынып жатат. Президент Садыр Жапаров да бул маселеге кайрылып: “Хиджаб деген сөз биздин тилде жоолук деген эле сөз. Арабча хиджаб деп аталат. Биз жоолук деп эле атайлычы. Хиджаб десе эле чочугандар бар. Жоолук бул атам замандан бери эле биздин энелерибиз, эже-карындаштарыбыз салынып келген баш кийим. Буга эч ким каршы эмес. Жоолукту ким кандай салынат ал өзүнүн иши. Оронуп алабы, чулганып алабы жүзү ачык болсо болду.

Ал эми никаб деген көзү гана ачык болгон баш кийим. Паранжа дегенди өзүңөр жакшы билесиңер жүзүн толук жаап жүргөн баш кийим. Экөө тең бизге муфтият тарабынан тыюу салынган. Ошол үчүн муфтияттын фатвасын биздин жарандар милдеттүү түрдө аткарышы керек. Биздин илгертен берки салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес. Ошондуктан жөн эле экилене бериштин кереги жок.

Күч органдарына айтарым «Бөрк ал десе, баш алмай» саясат болбош керек. Жүзү ачык, бирок жоолукчан жүргөндөргө таптакыр жолобогула. Мейли жоолукту оронуп салынабы же апалар салынгандай ээктен байлап салынабы ар кимдин өз иши. Илгери деле ар ким ар кандай салынчу. Бул ар кимдин өз укугу. Болгону жүзү ачык болсо болду.

Ал эми жанагындай жүзүн такыр эле таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы. Бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү маселе” — деди.

Мамлекет башчысы “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгондон кийин, жер-жерлерде аталган мыйзамды түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Алсак, Жалал-Абад облусунун аймагында, анын ичинде Аксыда, Ала-Бука жана Чаткалда имамдарга аталган мыйзам боюнча түшүндүрмө берилип, ал жыйындарга облустагы дин өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун баш имам-хатибдери, райондук улуттук коопсуздук кызматынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, район аймагындагы айыл башчылар, аялдар комитетинин мүчөлөрү жана мечит имамдары катышты.

Ушундай эле түшүндүрүү иштери Чүй облусунун аймагында, Ош шаарында болсо, 18-мартта Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайларынын жетекчилерине “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы боюнча түшүндүрүүгө багытталган жыйын өткөрүлгөн. Жыйынга өлкөнүн түндүк аймагындагы жалпы 62 диний окуу жайдын жетекчилери катышкан.

Ысык-Көл облусунун райондорунда президенттин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу боюнча жарлыгын элге жеткирүү иштери жүрүп жатат. Мындай саамалыктар колдоого алууга татыктуу.

Бул сүрөттөгү Сауд принци Султан ибн Фахд ибн Нассер ибн Абдул-Азиздин аялы – принцесса Дина аль-Жухани Абдулазиз. Ал күндөлүк жашоо-сунда араб аялдары дайыма чүмкөнүп жүрүшү керек деген калыптанып калган көз карашты жокко чыгарып келет. Тескерисинче, араб дүйнөсүнө, жалпы эле дүйнөгө акыркы модалардын үлгүлөрүн киргизген, ааламдын 500 таасирлүү адамдарынын катарын толуктаган, заманыбыздын алдыңкы айымдарынын бири болуп саналат.

 

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын 4-беренеси Дин тутуу эркиндигине болгон укук маселесине арналып, Кыргыз Республикасынын аймагында: динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга карата мамилесине жараша артыкчылыктарды, чектөөлөрдү же басмырлоонун башка түрлөрүн белгилөөгө; басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган диний жек көрүүнү, диний артыкчылыкты пропагандалоого; мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтуу-га жана пропагандалоого; диний ишмерлер жана диний уюмдар тарабынан кыргыз элинин каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын ролун төмөндөтүүгө; укуктук жана диний ченемдерди карама-каршы коюуга, коомдук мамилелерди жөнгө салууда укуктук ченемдерди басмырлоого жана, тескерисинче, диний ченемдердин илгерилөөсүн токтотууга; психологиялык жана физикалык таасир көрсөтүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү жолу менен башка диний окуулардын жолдоочуларын, ошондой эле диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине өткөрүүгө багытталган аракеттерге; жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды өткөрүүгө, тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга, анын ичинде ЖМКда жана Интернет тармагында; диний бирикмелерге мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын аткарууну жүктөөгө; китепчелерди жана баракчаларды таратуу жолу менен динди жайылтуу же таңуулоо максатында, диний багыттагы объекттерди кошпогондо, турак жана турак эмес жайларды үймө-үй кыдырууга; жашы жете электерди диний ишке, кызмат ордуна тартууга жол берилбей турганы белгиленген.

Кыргызстан эгемендүүлүктүн жылдарында эси кетип, чабылып-чарпылып отуруп акыркы 3-4 жылдын аралыгында гана өнүгүү жолуна түштү. Ушундай мезгилде бардык кыйынчылыктарга карабай, врачтар менен мугалимдер айлыгыбыз аз дебей, мамлекеттин жеңилин жерден, оорун колдон алып келишет. Мына ушундай жалпы элдик иштен дин өкүлдөрү да четте калбай мамлекеттин саясатын эл арасына туура жана калыс таратып, коомдук жайларда никаб кийип жүрүү туура эместигин кыз-келиндерибизге түшүндүрүүгө тийишпиз. Мыйзамдардын аткарылышы  жеке күч органдарынын гана иши эмес.

Себеби, мамлекетибиз бир. Ааламдашкан заманда кары дебей, жаш дебей, баарыбыз ошол мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү үчүн кызмат кылууга тийиш деп ойлойбуз.

Кошумчалап айта турган нерсе, мусулман өлкөлөрүндө никаб, паранжа жападан жалгыз кийим, расмий талап, же универсал көрүнүш эмес? Теократиялык саналуу айрым өлкөлөрдү эске албаганда, кара жамынган, чүмбөттөлгөн кийим кийүү эреже катары эсептелбейт. Бизге салыштырмалуу “алда канча эрте жана көбүрөөк исламдашкан, турмушу, тиричилиги, климаттык, географиялык шарттары чүмкөнүүгө, жүздү жабууга мажбурлаган өлкөлөрдө биздегидей аша чапкандык жок”. Андай болгондо бизге келгенде эле чүмбөттү идеалга, паранжаны айныксыз эрежеге, хижабды жана башка атрибуттарды, кийим-кечек формаларын мыйзамга айлантуу аракети мыйзамга да, салтка да жатпаган, жат көрүнүш экенин ачык айтып коюуга тийишпиз.

Береги сүрөттөгү ислам расмий дин болуп эсептелген же ислам идеологиясы үстөмдүк кылган өлкөлөрдүн айрымдарынан алынган иллюстративдүү мисал бизге сабак болууга тийиш деген ойдобуз:

А мындай иллюстративдүү мисалдарды жүздөп келтирсек болот. Дүйнө мамлекеттеги расмий кааданы, коомдук эрежелерди сактоого аракет кылып, баскан-турганы дайыма элдин көз алдында болуп жатканда, биздин айрым кыз-келиндерибиз паранжа жамынып, “эскиге” умтулганы кейиштүү эмей эмне?. Бул сүрөттөгү Сауд принци Султан ибн Фахд ибн Нассер ибн Абдул-Азиздин аялы – принцесса Дина аль-Жухани Абдулазиз. Ал күндөлүк жашоо-сунда араб аялдары дайыма чүмкөнүп жүрүшү керек деген калыптанып калган көз карашты жокко чыгарып келет. Тескерисинче, араб дүйнөсүнө, жалпы эле дүйнөгө акыркы модалардын үлгүлөрүн киргизген, ааламдын 500 таасирлүү адамдарынын катарын толуктаган, заманыбыздын алдыңкы
айымдарынын бири болуп саналат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар