Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкек–Ош жолундагы айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек–Ош жолундагы айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

 Бишкек–Ош жолунун бир нече бөлүгүндө жана айрым аймактардагы ашууларда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чектөө төмөнкү аймактарда киргизилген:

  • Төө-Ашуу ашуусу – 4-ноябрь саат 07:00дөн тарта;

  • Ала-Бел ашуусу – 4-ноябрь саат 05:10дон тарта;

  • Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу – 4-ноябрь саат 07:00дөн тарта.

Министрликтин билдирүүсүндө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көптөгөн аймактарда кар жаап, жолдордо тайгак жана тоңголок абал түзүлгөнү айтылат.

“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” ишканалары күнү-түнү жолдорду тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштерин жүргүзүп жатышат,” – деп билдиришти мекемеден.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол эрежесин так сактоого, каршы тилкеге чыкпоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкы түрүнө өз убагында алмаштырууга чакырат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 4–5-ноябрларда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат, айрым тоолуу аймактарда кар катуу жаашы ыктымал. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүп, тоолуу аймактарда жолдор тоңголок жана тайгак болот.

(ErN)

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар