Латвия Россия менен чек арасына 280 чакырымдык тосмо курду

0
16370

Латвия Россия менен болгон чек арасынын 280 чакырымында тосмо куруу иштерин аяктады. Бул тууралуу 29-декабрда курулуш иштерине жооптуу болгон мамлекеттик Valsts Nekustamie Ipasumi (VNI) компаниясы маалымдады. Маалыматка ылайык, техникалык мүмкүнчүлүк болгон бардык аймактарда үзгүлтүксүз тосмо орнотулган.

Латвиянын ички иштер министри Рихардс Козловскис чек арада жогорку технологиялуу жабдууларды орнотуу иштери улантылып жатканын билдирди.

«Биздин башкы максатыбыз — Евробиримдиктин чыгыш чек арасында заманбап жана ишенимдүү чек ара коопсуздук системасын түзүү», — деди министр.

VNI компаниясынын маалыматына караганда, чек ара тилкесинде тосмодон тышкары патрулдук жолдор, жөө өтмөктөр үчүн көпүрөлөр жана башка инженердик курулуштар да салынууда.

Белгилей кетсек, Балтия өлкөлөрү — Латвия, Литва жана Эстония — Россия менен болгон чек араларында тосмолорду куруп жатышат же курулушту толук бүтүрүштү. Мындан сырткары, Финляндия да Россия менен чек арасына тосмо орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, Латвия 2024-жылдын июль айында Беларусь менен болгон чек арасынын 145 чакырымында тосмо курууну да аяктаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз