Айыл чарба тармагына 44 даана кызматтык автоунаа тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Т. Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Маалым болгондой, жалпы баасы 92,6 млн сомду түзгөн бул автоунаалар мамлекеттин өз каражатына сатып алынып, министрликтин Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине берилди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатта агрардык тармак реалдуу сектордун негизги кыймылдаткыч күчү экенин белгиледи.

Анын айтымында, агрардык сектор өнөр жайды азыктандырып турган башат болуп саналат. Учурда Кыргызстанда мезгилдүү жана туруктуу иштеген кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жеткен. Президенттин тапшырмасына ылайык, жыл сайын жүздөгөн ишканалар ачылып келет. 2025-жылы 119 ишкана ишке киргизилип, алардын 53 пайызы айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына тиешелүү болгон.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев өлкөнүн суу чарбасында ирригациялык тармактарды модернизациялоо жана техникалык жактан чыңдоо артыкчылыктуу багыт болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, 2024-жылы ирригацияга 1 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылдын 11 айында бул көрсөткүч 1,7 млрд сомго жеткен. Каналдарды тазалоо, куруу, цементтөө, бекемдөө, суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. 2024–2025-жылдар аралыгында суу чарбасына байланышкан кызматтардын иш шарттарын жакшыртуу максатында жалпысынан 286 даана атайын техника сатып алынган.

«Бүгүн тапшырылган кызматтык автоунаалар да сиздердин ишиңиздерге чоң жардам берет. Унааларыңыздар кут болсун», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта жана Асанбай кичи районунда базар баасынан арзан сатылган азык-түлүк жарманкелери өтүүдө. Мындай жарманкелер өлкөнүн бардык райондорунда ар бир дем алыш күндөрү уюштурулуп, жай мезгилине чейин уланмакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз