Жаңы жыл — дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында үмүт, жаңылануу жана жакшы тилектер менен күтүлгөн өзгөчө майрам.
Бирок ар бир эл бул күндү өзүнө гана мүнөздүү салт-санаа, ырым-жырымдар жана кызыктуу каадалар менен белгилейт.
Испания – саат кагылганда 12 жүзүм
Испанияда Жаңы жыл түнү саат 12 кагылганда 12 жүзүм жешет. Алар жылдын 12 айына мүнөздүү кылып, ар бир жүзүм – жаңы жылдын ар бир айына ийгилик алып келет деп ишенишет. Бул салтты так аткаруу жылды ийгиликтүү өткөрүүнүн белгиси деп эсептешет.
Италия – эскини таштап, жаңысын тосуу
Италиянын айрым шаарларында адамдар эски идиш-аяктарды же керексиз буюмдарды терезеден ыргытышат. Бул эски көйгөйлөрдөн, бактысыздыктардан арылууну символдоштурат. Ошондой эле кызыл түстөгү кийим ийгилик тартуулайт деп эсептешип, мүмкүн болушунча кызыл түстөгү кийимдерди кийүүгө аракет кылышат.
Дания – табак сындыруу
Даниялыктар Жаңы жыл түнү досторунун жана туугандарынын эшигинин алдына эски табактарды сындырып кетишет. Кимдин эшигинин алдында сынган идиш көп болсо, ал адамдын достору көп жана алар үчүн жаңы жыл ийгиликтүү болот деп эсептелет.
Германия – коргошун куюп жоромол кылуу
Германияда BleigieЯen деген салт бар. Адамдар коргошунду эритип, муздак сууга куюшат. Пайда болгон форма аркылуу алдыдагы жыл кандай болорун жоромолдошот. Жаңы жыл 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгиленет. Бул күн Сильвестр деп аталып, IV кылымдагы Папа Сильвестрден атын алып калган.
Япония – 108 коңгуроо
Японияда буддисттик храмдарда Жаңы жыл түнү 108 жолу коңгуроо кагылат. Бул адамдын 108 терс каа-лоосунан жана күнөөсүнөн арылуусун билдирет. Япониялыктар үчүн адат болгон тазалыкка маани берүү өзгөчө жаңы жылда абдан маани берилет. Ар бир жарандар үйлөрү менен кошо, көчө жана шаарларды тазалап, жада калса музейлердеги эстеликтерди, храмдарды жууп тазалашат.
Кытай – үйдү тазалоо жана кызыл түс
Кытайда Жаңы жыл (Ай календары боюнча) алдында үй толук тазаланат. Бул жаман энергиядан арылууну билдирет. Кызыл түс — бакыт менен байлыктын символу катары бааланып, кийим кече жана колдонгон буюмдарына чейин кызыл түстү тандашат. Канчалык көп атылган фейерверктер жаман рухтарды кубалайт деп ишенишет. Кытайда Жаңы жылы январь айынын 21инен февраль айынын 20сына чейинки аралыкта башталат.
Тактап айтканда, кышкы күн токтолушунан кийинки экинчи жаңы ай чыккан күнү майрамдалат. Быйыл 17-февралдан башталары айтылууда.
Бразилия – деңизге гүл таштоо
Бразилияда, айрыкча Рио-де-Жанейродо, адамдар ак кийим кийип, деңиз жээгине барышат. Толкундарга гүл, шам таштап, тилек тилешет. Бул салт ийгилик жана коргоо алып келет деп эсептелет.
Шотландия – биринчи конок маанилүү
Шотландияда Hogmanay салты бар. Жаңы жыл келгенден кийин үйгө биринчи кирген адам ийгилик алып келет деп ишенишет. Ал адам кара чачтуу болсо, жакшы жышаан болуп саналат. Ошондой эле, аларда конок тосууга абдан көңүл бөлүнөт.
Филиппин – тегерек форма
Филиппиндер Жаңы жылды тегерек формадагы нерселер менен тосушат: кийимдеги тегерек оймо-чийме, тегерек мөмө-жемиштер. Аларда бул байлык менен берекени символдоштурат.
Россия жана КМШ өлкөлөрү – үй-бүлөлүк дасторкон
Бул аймакта Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам катары белгиленип, коңгуроо кагылганда тилек тилеп, шампан ачылат. Өзгөчө оливье салатын жасоо дагы адатка айланган. Жаңы жылдык балаты жасалып, ыр-күлкүлөр жаңырат.
Корея – ата-бабаны эскерүү
Түштүк Кореяда (Ай календары боюнча) Жаңы жыл (Сольналь) белгиленет. Бул күнү адамдар улуттук кийим — ханбок кийишип, ата-бабаларына таазим кылышат. Балдар улууларга таазим жасап, батасын алышат. Салттуу тамак – токкук же күрүч шорпосу жасалып, аны ичкен адам бир жашка чоңойду деп эсептелет.
Монголия – ак Ай
Монголдор Жаңы жылды Цагаан сар (Ак Ай) деп атап, тазалыкты жана ынтымакты даңазалашат. Үйлөр алдын ала тазаланып, ак дасторкон жайылат. Адамдар улуулардан бата алып, туугандарын кыдырып чыгышат. Аларда ак түс таза ниеттин жана жаңы башталыштын белгиси катары бааланып, ак кийингени умутулушат.
Вьетнам – Тэт майрамы
Вьетнамда Жаңы жыл Тэт деп аталат. Үйлөр гүлдөр менен кооздолот, айрыкча өрүк жана шабдалы гүлдөрү колдонулат. Ата-энелер балдарга кызыл конвертке салынган акча беришет. Вьетнамдыктар үчүн бул күндөрү үй-бүлө биримдиги биринчи орунда турат жана алар менен бирге болууга аракеттенишет.
Ошону менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Жаңы жылды тосуу ар түрдүү болгону менен баарын бириктирген нерсе –- жакшылыкка ишеним, жаңы үмүт жана өзгөрүүгө болгон даярдык. Ар бир салт элдин маданиятын, дүйнө таанымын чагылдырып, жаңы жылды өзгөчө мааниге бөлөйт. Тазалык, урмат-сый, үй-бүлөлүк биримдик жана жакшылыкка болгон үмүт, ишеним – бул майрамдын негизги өзөгү десек болот. Биз дагы келе жаткан Жылкы жылы жергебиз үчүн жалаң жакшылыктарды гана алып келүүсүнө ишенебиз.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

