АКШ, Россия жана Кытай сыяктуу өзөктүк ядролук державалардын акыркы айлардагы билдирүүлөрү жана аракеттери дүйнөнү кайрадан өзөктүк коопсуздук маселесинин курч кырдаалына алып келди. 30 жылдан бери тынч турган өзөктүк сыноолордун кайра башталышы жана өзөктүк коркунуч тууралуу айтыла баштаган риторика — адамзаттын эсинде калган Кариб кризисин эске салат.
АКШ: 30 жылдан кийинки кадам
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнө коомчулугун дүрбөткөн билдирүү жасап, Кошмо Штаттар 30 жылдан кийин биринчи жолу өзөктүк куралды сыноону жандантаарын жарыялады. Анын айтымында, мындай чечимге башка өлкөлөрдүн, айрыкча Россия менен Кытайдын, өз куралдарын активдүү сыноо аракеттери түрткү болгон.
Трамп журналисттерге Air Force One учагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Түштүк Кореяда болгон жолугушуудан кайтып келе жатып: “Азыр эң ылайыктуу учур келди. АКШ өзөктүк күчтөрүн тең салмакта сактоого тийиш”, – деп билдирди. Бул билдирүү Трамптын Truth Social социалдык тармагындагы постунан кийин күч алды. Ал жерде президент: “Башка өлкөлөрдүн өзөктүк сыноо программаларынын фонунда мен Коргоо министрлигине биздин өзөктүк куралды тең шартта сыноону баштоону тапшырдым. Бул процесс дароо башталат”, – деп жазган.
Бул чечим дүйнөлүк коомчулукта “өзөктүк жарыш кайра башталдыбы?” деген суроону жаратты. Себеби, 1996-жылы кабыл алынган жана дүйнөнүн бардык бурчундагы өзөктүк жардырууларды тыюу салган өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишимине АКШ кол койгону менен Сенат аны ратификациялаган эмес.
Россиянын жообу жана жаңы технологиялар
АКШнын билдирүүсүнөн кийин Кремль да жооп кайтарды. Президент Владимир Путин жакында атомдук кыймылдаткычы бар суу астындагы дрон “Посейдон” жана өзөктүк заряд менен жабдылган канаттуу ракета “Буревестник” сыноодон өткөнүн маалымдаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул аракеттерди коргонуу мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү деп мүнөздөп, бирок өзөктүк куралды сыноого мораторий бузулган жок деп белгиледи. Ал: “Бардык өлкөлөр өз коргонуу системаларын өнүктүрүп жатат, бул атомдук сыноо деп эсептелбеши керек. Бирок, эгер АКШ мораторийди бузса, анда тиешелүү чаралар көрүлөт”, – деди.
Россия өзөктүк сыноолорду 1990-жылдан бери өткөрбөй келет. Бирок, 2023-жылы президент Путин Россиянын дүйнөлүк өзөктүк сыноолорго тыюу
салуу келишимин ратификациялоо боюнча чечимин жокко чыгарган мыйзамга кол койгон. Москва бул кадамды “АКШ менен тең болуу” максаты менен түшүндүргөн.
АКШ – Россия – Кытай: өзөктүк тең салмак үчүн жаңы күрөш
Дональд Трамп өз билдирүүлөрүндө Россия менен Кытайды түздөн-түз атабаса да, бул эки державанын өзөктүк арсеналы тууралуу токтолду. Анын айтымында, Россия экинчи орунда. Кытай болсо азырынча кыйла артта, бирок беш жыл ичинде тең деңгээлге чыгат.
Бул сөздөр дүйнөдөгү эң ири үч өзөктүк державанын ортосундагы жаңы тең салмак издөөнү көрсөтүп турат. АКШ бул багытта өзүн “жетектөөчү жана тең ата” катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө, ал эми Россия менен Кытай тең салмактуулукту сактоону көздөп, өз технологияларын модернизациялоодо.
Кытай акыркы жылдары өзүнүн өзөктүк кубатын тездик менен күчөтүп, жаңы ракеталык системаларды иштеп чыгууда. Пекин расмий түрдө “коргонуу мүнөзүндөгү саясат” деп айтса да, дүйнөлүк аналитиктер анын өзөктүк курал запасы 5–7 жыл ичинде эки эсеге көбөйүшү мүмкүн деп болжолдошууда.
Европа өз алдынчалуулук жолунда
АКШ менен Россиянын тирешинин фонунда Европа өлкөлөрү да өзүнүн стратегиялык көз карандысыздыгын бекемдөөгө умтулууда. Евробиримдик Bromo аттуу жаңы космостук долбоорду баштап, Airbus, Leonardo жана Thales компанияларынын ишин бириктирүүдө. Бул — америкалык SpaceX компаниясына атаандаш боло турган, Европанын коргонуу жана технология тармагындагы көз карандысыздыгын чыңдоого багытталган долбоор.
Италиянын Польшадагы элчиси Лука Франкетти Пардо бул демилгенин маанисин: “Бизге изилдөө, инновация жана адам ресурстары керек. Мунун баары чоң каржылоону талап кылат. SAFE программасы жана башка европалык демилгелер биз үчүн өтө маанилүү. Европанын спутниктик байланыштагы жана аскердик көз карандысыздыгы – бул стратегиялык зарылдык”, – деп түшүндүрдү.
Ал ошондой эле Польша менен кызматташтыкты белгилеп: “Польша коргонуу жана аэрокосмостук тармакка ири инвестицияларды салууда. Биз Варшава менен технологиялык иштеп чыгуудан баштап өндүрүшкө чейин кызматташууга даярбыз”,- деди. Бул аракеттер Европанын акырындык менен АКШнын аскердик колдоосуна болгон көз карандылыктан чыгып, өзүнүн коргонуу архитектурасын түзүүгө умтулуп жатканын айгинелейт.
Армагеддон риторикасы жана Кариб кризисинин сабактары
Дональд Трамптын өзөктүк кадамы жана Путиндин жооп иретиндеги билдирүүлөрү дүйнөдө өзөктүк коркунуч тууралуу талкууларды жандандырды. Бул талкуу эски — бирок унутулгус тарыхый учурду, тактап айтканда 1962-жылдагы Кариб кризисин эске
салат.
Ал учурда СССР менен АКШ дүйнөнү өзөктүк согушка жакындаткан. Кубада советтик ракеталардын жайгашуусу жана АКШнын Түркиядагы аскердик аракеттери дүйнөнү кырсыктын босогосуна алып келген. Бирок, Хрущев менен Кеннеди акылмандык көрсөтүп, дипломатиялык чечимге келишкен – натыйжада адамзат чоң алааматтан
кутулган.
Бүгүн да ошондой кырдаал жаралып жатат. Тарыхчылар менен эксперттер бул риторика дүйнөлүк тынчтык үчүн өтө кооптуу экенин эскертишүүдө. Анткени, бүгүн дүйнөдө 7500дөй стратегиялык өзөктүк дүрмөт бар, анын миңдегенин 15 мүнөт ичинде атса болот. Бир нече адамдын чечими – бүтүндөй цивилизациянын тагдырын аныктай алат.
Эл аралык келишимдердин солгундашы
Эл аралык укук системасы жана өзөктүк курал боюнча келишимдер азыр кризистин абалында. “Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишим” өз милдетин аткара албай калды.
Биринчиден, бул документте өзөктүк куралга ээ болууга укуктуу өлкөлөр катары болгону бешөө (АКШ, Улуу Британия, Кытай, Франция, СССР/Россия) гана көрсөтүлгөн. Бирок бүгүн Индия, Пакис-тан, Израил, Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттер да өзөктүк мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул эл аралык укуктун теңсиздигин көрсөтөт.
Экинчиден, келишим өзөктүк державаларды куралдарын азайтууга чакырганы менен, тескерисинче, алардын арсеналдары көбөйүп жатат. Ар бир өлкө жаңы технологияларды иштеп чыгып, тактикалык жана стратегиялык кубат-
туулугун жогорулатууда.
Үчүнчүдөн, келишим ар бир мамлекетке “коопсуздугуна коркунуч жаралса, документтен чыгууга” уруксат берет. Бул пункт каалаган өлкө үчүн мыйзамдуу шылтоо болуп калды. Натыйжада, эл аралык укуктун ишенимдүүлүгү начарлап, глобалдык паритет сакталбай
калды.
Жоопкерчилик жана сабак
Адамзат тарыхы – согуштардын тарыхы экенин тарыхчылар көп айтат. Бирок ошол эле тарых бизге сабак болушу керек. Кариб кризисинин эң чоң сабагы – лидерлердин жоопкерчилиги жана акылмандыгы. Хрущев менен Кеннеди дүйнөнү кыйроодон сактап калгандай, бүгүн да дүйнө лидерлеринен дал ошондой чечкиндүү, бирок салмактуу кадам талап кылынууда.
Эгер азыркы риторика токтотулбаса, өзөктүк коркунуч реалдуулукка айланышы мүмкүн. Ошондуктан, конфликтик маселелерди чечүүнүн жолу катары өзөктүк опузага кайрылууну токтотуу зарыл. АКШ менен Россия жаңы стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишим түзүшү керек. Эл аралык уюмдар – өзгөчө Бириккен Улуттар Уюму – бул процессти активдүү көзөмөлгө алышы
абзел.
Өзөктүк куралдын тагдыры – бул бир эле өлкөнүн эмес, бүтүндөй адамзаттын тагдыры. АКШ, Россия, Кытай жана башка өзөктүк державалар бүгүнкү кырдаал-дын оордугун сезип, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Өзөктүк курал – саясий курал эмес, бул цивилизациянын жок болушуна алып келе турган фактор. Эгер дүйнө лидерлери тарыхты эстен чыгарышса, анда адамзат кайрадан кайтып келгис катаны кайталашы мүмкүн.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
«Кыргыз Туусу»


