Россия менен Кытай эки тараптуу кызматташтыкты жана дүйнөлүк саясаттагы орчундуу маселелер боюнча өз позицияларын камтыган биргелешкен коммюнике кабыл алышты. Бул документ эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 30-жолку туруктуу жолугушуусунун жыйынтыгында жарыяланды.
Коммюникеге ылайык, Москва менен Бээжин эл аралык аренада өз ара ишенимди жана колдоону бекемдөөгө багытталган бир катар келишимдерге жетишти.
Негизги багыттар:
-
тараптар БРИКС жана ШКУ уюмдарынын алкагында кызматташтыкты чыңдоону улантышат;
-
эл аралык уюмдардын ишинин саясатташуусуна каршы биргелешип аракеттенүүнү макулдашты;
-
санкциялык басымга каршы өз ара жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти;
-
чет мамлекеттердеги жарандарын коргоо, өзгөчө кырдаал жана куралдуу жаңжалдар учурунда эвакуация маселеси боюнча кызматташууну күчөтүшөт;
-
эгемендикке жана улуттук кызыкчылыктарга тиешелүү маселелерде бири-бирине бекем колдоо көрсөтүшөт;
-
Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын бурмалоого жана тарыхты жасалмалоого каршы биргелешип аракеттенишет;
-
тышкы чакырыктарга жооп берүү жана ар тармактагы өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча ишти улантышат;
-
глобалдык башкаруу боюнча демилгелердин маанисин баса белгилешти.
Бул билдирүү Россия менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү акыркы жылдары жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын жана эл аралык саясатта өз алдынча багыт карманып жатышканын көрсөтөт.

