whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров “чектөөсүз тариф” демилгесине каршы чыкты

Садыр Жапаров “чектөөсүз тариф” демилгесине каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын калкты электр энергиясына болгон “чектөөсүз тарифке” өтүүгө чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Президент электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин белгилеп, бул коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин айтты. Ал “чектөөсүз тарифти” колдонуу аракеттерин токтотууну жана кыш мезгилинде калк үчүн электр энергиясынын адилеттүү жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырды.

Эске салсак, 3-ноябрда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев каалагандар үчүн 1 кВт/саат үчүн 3 сом 81 тыйындык “чектөөсүз тариф” киргизүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар