whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкекте баш калкалоочу жайлар кышка даяр

Бишкекте баш калкалоочу жайлар кышка даяр

Бишкек шаарында кыш мезгилине карата үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады.

Октябрь районундагы А. Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан жай 80 адамга ылайыкталган. Ал жакта оңдоо иштери жүрүп, төшөнчүлөр, дары-дармектер жана ысык тамак уюштурулду. Ошондой эле жылытуу үчүн 10 тонна көмүр сатылып алынган.

Биринчи Май районундагы «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу иштеп, 70тен 100гө чейинки адамга күн сайын түнөк жана ысык тамак берет. Мекеме жыл сайын 2000ге жакын жаранга жардам көрсөтөт.

Мындан тышкары, Ленин районундагы “Боорукердик борбору” оор абалдагы аялдар жана балдар үчүн 45 орундуу баш калкалоочу жай менен кызмат көрсөтүүдө. Азыркы учурда борбордо 10 аял жана 12 бала жашап жатат.

Жардамыңыз керек болгондорду көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерине кайрылууга болот

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар