Президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен президент Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча учуп кетти.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине алгачкы расмий мамлекеттик визити болуп эсептелет.
Сапардын алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык, региондук маселелерди талкуулап, пикир алмашуулар өткөрүшөт.
“Расмий сапардын жыйынтыгында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, алар Кыргызстан менен Египеттин алакаларын мындан ары өнүктүрүүгө негиз болот”, — деди президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип.

