“Акылман” президенттик лицейи кабыл алууну баштады

“Акылман” президенттик лицейи келе жаткан жаңы окуу жылына карата 6- жана 7-класстарга окуучуларды кабыл алууну расмий түрдө баштады. Бул тууралуу мектептин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азиреткул Асанов маалымдады.

Анын айтымында, Манас жана Талас шаарларында лицейдин жаңы филиалдары ачылат. Муну менен бирге, Чолпон-Ата, Манас жана Талас шаарларындагы лицейлерге 6-класстын окуучулары 7-класска тандалып алынат. Ал эми 7-классты аяктап жаткан окуучулар 8-класска Манас жана Талас филиалдарына кабыл алынышат.

Асанов белгилегендей, катышуучулар үчүн үч негизги талап коюлган:

  1. Учурда өлкө ичиндеги билим берүү мекемелеринде окуп жүрүшү керек.
  2. Кыргызстандын жараны болушу шарт.
  3. Окуучулар “жакшы” же “эң жакшы” бааларга окушун тастыктаган жетишүү табелине ээ болушу зарыл.

Кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт:

  • 1-2 тур — онлайн тестирлөө
  • 3-тур — оффлайн форматта

6-класстар үчүн мөөнөттөр:

  • Каттоо: 15-марттан 13-апрелге чейин
  • Сынамык тест: 14–15-апрель
  • 1-тур: 17–19-апрель
  • 2-тур: 23–25-апрель
  • 3-тур: 1–10-май

7-класстар үчүн мөөнөттөр:

  • Каттоо: 26-апрелден 26-майга чейин
  • Сынамык тест: 28–29-май
  • 1-тур: 1–3-июнь
  • 2-тур: 7–9-июнь
  • 3-тур: 15–24-июнь

Экзамендик предметтер: 1-2 турларда окуучулар математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых предметтеринен тест тапшырышат. 3-турда математика, логика, кыргыз тили жана англис тили боюнча даярдануу талап кылынат.

“Акылман” президенттик лицейи мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган. Мекеме өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө, интеллектуалдуу жана чыгармачыл жаштарды тарбиялоого, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү муунду калыптандырууга багытталган.

Окутуу процессинде эл аралык алдыңкы тажрыйбалар улуттук баалуулуктар менен айкалыштырылып колдонулат, бул окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүүгө жана глобалдык стандарттарга даярдоого мүмкүндүк берет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз