Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында кабарланууда.
Рыскулова 1995-жылы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган. Ал Кыргызстанда судьялык системада эмгектенип, андан кийин Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинде жана Социалдык фонддо жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2005–2010-жылдары — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.
Андан кийин Айгүл Рыскулова президенттин кеңешчиси, Мамлекеттик каттоо кызматтын төрайымы, Бишкек шаарынын вице-мэри, убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2020–2024-жылдары — Кыргызстандын КМШнын Экономикалык кеңешиндеги толук укуктуу өкүлү жана Экономикалык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы болуп кызматта болгон.


