Коррупцияга шектелип кармалган Ысык-Көл районунун мурунку акими Жапарбек Ормонов 29-августта үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын бөгөт чарасы каралган Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда билдирди.
Ормонов 15-августта камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал Ош шаарында вице-мэр болуп тургандагы жер маселелерине байланыштуу кармалганы айтылган.
Ошондой эле 2-сентябрда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин дагы кармалганы ырасталды. Ага да “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, Жапарбек Ормонов 2014–2016-жылдары Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин орун басары болгон. 2016–2021-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы, кийин Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп иштеген. 2023-жылы Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалган.

