Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан Сауд Арабия элине тилектештик билдирди

Кыргызстан Сауд Арабия элине тилектештик билдирди

13-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Министр Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Сауд Арабия элине чын дилден тилектештик билдирди.

Тараптар аймактагы кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тез арада деэскалацияга жетишүү, саясий-дипломатиялык диалогду жандандыруу жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган чаралар көрүлөрүнө үмүт артышты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар