Ысык-Көлдө коменданттык саат киргизилет

Ысык-Көл облусунда 21–23-апрель күндөрү “Коопсуздук-2026” командалык-штабдык машыгуулары өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар Каракол шаарында, ошондой эле Казасуу жана Ак-Суу айылдарында өтөт.

Машыгуулардын алкагында саат 21:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакыт аралыгында көчөдө жүрүүгө чектөө коюлат.

Бийлик өкүлдөрү бул күндөрү аймакта атайын техникалардын жүрүшү жана күч түзүмдөрүнүн активдүү аракеттери байкаларын эскертишти.

Жергиликтүү тургундарга жана аймакка келген конокторго коопсуздук талаптарын сактап, себепсиз сыртка чыкпоого жана тиешелүү кызматтардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырык жасалды.

Белгиленгендей, бардык чаралар окуу-машыгуу мүнөзүндө болуп, коопсуздукту камсыздоого багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз