Башкы беткеМинистрлер кабинетиСанариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасы жайылтылат

Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасы жайылтылат

Кыргыз Республикасында калктын жана мамлекеттик кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу багытында жаңы программалар ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Министрдин айтымында, маалыматтык технологиялар абдан тез өнүгүп, куралдары үзгүлтүксүз жаңыланып жаткандыктан, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу өтө зарыл. Ал билдиргендей, мурда аймактарда чогултуп окутуу жолу менен машыктыруулар жүргүзүлсө, 2026-жылдан баштап программаны өзгөртүп, калкты түздөн-түз окутууга басым жасоо пландалууда.

“Алгач Ош жана Баткен облустарында окутуулар башталды. Натыйжалары жакшы болуп, программаны башка аймактарга да жайылтуу пландалууда,” – деди министр.

Министр белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстан санариптик трансформация боюнча алдыңкы орундарга чыгып, санариптештирүүнүн бекем пайдубалын түздү. Анын негизинде мамлекеттик органдар маалыматтарды алмашуу жана калктын мамлекеттик кызматтарды пайдалануусу үчүн “Түндүк” платформасы иштеп жатат.

Бул демилге аркылуу өлкө калкынын санариптик көндүмдөрүн жогорулатып, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жана сапатты жакшыртуу максатында иш-аракеттер күчөтүлөт.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар