Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев“Бостон Консалтинг Групп” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Адылбек Касымалиев“Бостон Консалтинг Групп” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Boston Consulting Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун мындан аркы келечектүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Белгиленгендей, акыркы эки жыл аралыгында тараптардын ортосунда өз ара ишенимге негизделген натыйжалуу кызматташтык түзүлгөн. Boston Consulting Group компаниясынын колдоосу менен өлкө үчүн маанилүү стратегиялык документтер иштелип чыккан.
Кыргыз тарап эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана дүйнөлүк деңгээлдеги инвесторлорду тартуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев Кыргызстан конструктивдүү өнөктөштүккө ачык экенин билдирип, узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга бардык шарттар түзүлөрүн айтты. Ал эми Boston Consulting Group өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен мындан ары да натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экендиктерин белгилешти.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар