Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасын кабыл алды

Садыр Жапаров Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасын кабыл алды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонянды расмий сапарынын алкагында кабыл алды.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо парламенттик диалогдун маанисин баса белгилешти.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Армения менен достукка, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген көп кырдуу кызматташтыгын жогору баалай турганын билдирди. Ошондой эле, достук депутаттык топтордун ишин активдештирүү зарылдыгын белгилеп, бул мыйзам чыгаруу тажрыйбасын алмашууга жана ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар