Башкы беткеМаанилүү«Гриппол плюс» вакцинасын аксакалдар, жаш балдар акысыз алышат

«Гриппол плюс» вакцинасын аксакалдар, жаш балдар акысыз алышат

Кыргызстанда 2025-жылы сасык тумоого каршы вакцина сатып алууга 19,99 миллион сомдон ашык каражат каралды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 63 миң 734 доза «Гриппол плюс» вакцинасы сатып алынат. Жеткирүүлөр сентябрь айына пландалган, андан соң аймактарга таратылат.

Салыштыруу үчүн:

  • 2024-жылы — 67,8 миң доза,

  • 2023-жылы — 90,7 миң доза,

  • 2022-жылы — 82,7 миң доза сатып алынган.

Эмдөө акысыз жүргүзүлөт жана алгачкы кезекте тобокелдик тобундагы адамдарга арналат:

  • саламаттыкты сактоо кызматкерлери,

  • өнөкөт оорулары бар жарандар,

  • көп ооруган балдар,

  • 65 жаштан жогору адамдар,

  • кош бойлуу аялдар.

Дарыгерлер эпидемиологиялык сезон башталганга чейин эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. КРВИ сезону адатта октябрдан мартка чейин созулат, сасык тумоо көбүнчө ноябрдын аягынан январдын ортосуна чейин күчөйт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар