whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИммундук толеранттуулук боюнча жасаган ачылыштары үчүн окмуштуулар Нобель сыйлыгына татышты

Иммундук толеранттуулук боюнча жасаган ачылыштары үчүн окмуштуулар Нобель сыйлыгына татышты

2025-жылдагы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары болуп АКШнын окумуштуулары Мэри Бранкоу менен Фред Рамсделл жана Япониянын илимпозу Симон Сакагучи аталды. Бул тууралуу Каролин институтунун Нобель комитети билдирди.

Алар периферикалык иммундук толеранттуулук боюнча жасаган ачылыштары үчүн жогорку сыйлыкка татыктуу болушту. Бул механизм организмдин өзүнүн ткандарына иммундук система тарабынан зыян келтирилишинин алдын алат.

Комитеттин маалыматына ылайык, бул изилдөөлөр иммунологиянын жаңы багыттарын ачып, рак жана аутоиммундук ооруларды дарылоонун инновациялык ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түздү.

Мэри Бранкоу жана Фред Рамсделл — АКШнын белгилүү окумуштуулары, ал эми Симон Сакагучи — Япониянын иммунологу. Алардын эмгектери адамдын иммундук системасындагы тең салмактуулукту түшүнүүгө чоң салым кошкон.

Эске сала кетсек, физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери 115 жолу тапшырылып, жалпы жонунан 229 лауреат аны алган. Сыйлыкты тапшыруу салтанаты салттуу түрдө декабрь айында Стокгольм шаарында өтөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар