whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКытай багытындагы эл аралык автоунаа ташууларга уруксат берүү тартиби жеңилдейт

Кытай багытындагы эл аралык автоунаа ташууларга уруксат берүү тартиби жеңилдейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Кытай багытындагы эл аралык автоунаа ташууларына уруксат берүү тартиби жеңилдетилерин билдирди. Бул тууралуу ал 6-октябрда өткөн аппараттык кеңешмеде маалымдады.

Учурда жүк ташуучулар уруксат алуу үчүн кагаз түрүндөгү документтерди даярдоого мажбур, бул болсо бюрократиялык тоскоолдуктарга жана кошумча чыгымдарга алып келет. Маселенин негизги себеби — Кытай тарап менен биргелешкен электрондук система жана онлайн уруксат берүү механизминин жоктугу.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл сегиз ай ичинде Кыргызстандын чек арасынан 479 миңден ашуун автоунаа өткөн, алардын 226 миңден көбү чет өлкөлүк, анын ичинен 221 миңи экспорттук жүктөрдү ташыган унаалар болгон.

“Өткөрүү пункттарындагы узак текшерүүлөр убакытты жана каражатты коротуп, ташуучулардын атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн азайтат. Транспорт каражаттары чек арада үч сааттан үч күнгө чейин кармалып жатат. Бул экспортчулар менен транспорт компанияларына каржылык жоготууларды алып келип, өлкөнүн транзиттик потенциалын төмөндөтүүдө”, — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Касымалиевдин айтымында, реформа ишке ашырылгандан кийин жүк ташуучулар чек арадан тез өтүп, убакытты жана чыгымды үнөмдөй алышат.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга реформаны 100 күндүн ичинде толук ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар