Башкы беткеРубрикаларАймактарОш шаарында 300дөй соодагерге жаңы базардан орун берилди

Ош шаарында 300дөй соодагерге жаңы базардан орун берилди

Сыртка көчүрүү каралып жаткан “Келечек” базарындагы соодагерлердин бир бөлүгүнө жаңы курулган базардан орун берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

“Б.Осмонов көчөсүндө курулган “Жибек жолу” жаңы базарынан учурда “Келечек” соода борборунун 320дан ашык соодагери орун алып, көчүп келип жатышат. Калгандары кезеги менен тизмеге ылайык такталып берилүүдө. Салык кызматында каттоосу бар 382 ижарачынын тизмеси аныкталган”, – деп айтылат мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында.

30-июлда жаңы базарга көчүүгө каршылык билдирген соодагерлер менен мэр Жеңишбек Токторбаев жолугушуп, «Келечек» базарынын айынан тыгын жаралып жатканын, 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берилерин билдирген.

Мэрия мындан тышкары «Келечек», «Бексултан», «Кийим-кече» базары, Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу жайлар дагы көчүрүлөрүн белгилеген.

Маалыматка ылайык, шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болуп, 25 катарга жайгашат. Жанына 1,5 миң унаа токтоого ылайыкташкан жай даярдалат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар