Түрк мамлекеттер уюмунун Азербайжандын Габала шаарында өткөн саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө лидерлерине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун орток түрк арибинде басылган китебин белек кылды. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары билдиришти.
TRT Avaz телеканалынын маалыматына ылайык, Эрдоган түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоо жана жалпы арибди колдонуу — маданий жакындашуунун маанилүү кадамы экенин белгиледи.
«Жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк жетишкендиктерден артта калбоо жана биздин маданий байлыгыбызды сактоо үчүн түрк тилдерине арналган ири тил моделин иштеп чыгуу иштерин ыкчамдатуу зарыл», — деди Эрдоган.
Белгилей кетсек, сентябрдын аягында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести орток түрк арибинде басылып чыккан.
Эске салсак, өткөн жылы Бакуда өткөн жыйында түрк тилдүү өлкөлөрдүн окумуштуулары 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин долбоорун кабыл алышкан.

