Башкы беткеЖогорку КеңешДепутаттар комитет жыйынына келбеген министрлерди сынга алды

Депутаттар комитет жыйынына келбеген министрлерди сынга алды

Депутаттар комитет жыйынына келбеген министрлерди сынга алды.

Бүгүн парламенттин социалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны өтүп, ага чакырылган 7 министрдин экөө — маданият жана саламаттык сактоо министрлери эле келген.

“Орунтаев эрке балабыз жок. Сабиров мырза кайда? Кендирбаева кайда? Кендирбаева дагы саякатчы болуп бир жакка кетти деп уктум. Былтыр саламаттык сактоо министри менен билим берүү министри саякатчы болушту эле. Өкмөттөн тил укту, дагы деле жок”,
 — деди Камила Талиева.

Депутат Надира Нарматова социалдык тармактагы министрликтер өз ишин жакшы алып бара албай жатканын айтты. Ал президенттик администрациянын коллегиясында иш жасабаган адамдар эскертүү менен чектелип, тескерисинче, иштеп, министрликтердин айыбын жаап жүргөн адистер кызматтан алынганын сындады.

“Мындан ары иштей алган жетекчилер калсын, иштей албаса өз арызы менен кетсин”, — деди Нарматова.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар