whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
21.7 C
Бишкек

«СНОС»

Эстүүлөр эбак эскерткен…

“СНОС” темасы күндүн талылуу маселесине айланыптыр. Жарым ай мурда Таласка барды элек, ал жакта деле ушул сөз экен. “Айрым эстүү адамдар мындан 10-20 жыл мурда эле, “Бош жатат деп эле, көчөнү карай жылып, курулуш кура бербегиле. Бир мезгил келет, жолду кеңейтиш керек болот. Мына ошондо мамлекет куруп койгон тамыңды да буздурат. Ошондо алардын талабы туура болот. Мыйзамсыз курулган курулушуң үчүн жарты тыйын компенсация да албайсың. Себеби, мыйзамсыз салып жатканыңды билгенсиң. Ошон үчүн качандыр бир күйүп кетпес үчүн, үй курсаңар мамлекет чийип берген чийинден кургула. Бүгүн силер чыркырабасаңар эртең балдарыңар чыркырап калат” деп какшашчу. Ошолордун айткандары эми туура келип жатат. Былтыр-быйыл айылдын көчөлөрүн кеңейтет экен деген сөз жүрүп, кызыл чийинден чыккан курулуштардын баарын бузабыз деп жатат. Болуптур, биз го сарай-сурайды  бузабыз, он жылдап ичпей-жебей, жыйнап-тергенине үй куруп, курганда да кызыл сызыктан чыгып салып алгандар бар. Эми ал байкуштар кантет болду экен” – деген эле кишилер.

Өткөндө Нарын, Көл тараптан кишилер редакцияга келип калган экен, “Биз жакта да кызыл сызыктан чыгып курулуш куруп алгандарга, “өзүңөр билип эле, мурдагы өкмөт сызып берген сызыкка түздөнүп жыла бергиле” деп эскертишти дешти. Чүйлүктөрдүн арасында деле кызыл сызыктан өтүп курулуш куруп алгандары өз баштарын өздөрү ургулап жатыптыр. Ош шаарында “снос” маселеси кандай жүрүп жатканын социалдык тармактардан көрүп жетишпей калып жатабыз.

Кыскасы, “снос” маселеси менен ар бир айыл, ар бир район, ар бир шаар, ар бир облус, ар бир көчө кез келип жатат. Андыктан, бул маселе өтө олуттуу мамилени талап кылат.

Албетте, “снос” талаштуу маселе, татаал маселе. Бизде “бөрк ал десе, баш алган” фактылар бардык мезгилдерде болуп келген. Азыр да андай учурлар болуп жатса, эч таң калбай, ал абалдан чыгуунун мыйзамдуу жолун издеген оң.

Кызыл сызыктын кызыктары…

Мындан 7-8 жыл мурда Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынан 789 чакырым жол басып келген 70 жаштагы  пенсио-нер, эмгек ардагери Тилевалды Абдурахманов аксакал келип, жаз келгени бир айыл элдин ортосунда суу талаш экенин, суу талаштын себеби, көчөдөгү курулуштар кызыл сызыктан өтүп курула бергендиктен, арыктын нугун тосуп, натыйжада көчөнүн ылдый тарабында суу тартыш болуп жатканын айтып, биздин гезит аркылуу жергиликтүү бийликке кайрылган.

Окуя кыскача мындай. 1966-жылы Кадамжай районундагы Тегирмеч деген тоо арасындагы айылдын үстү жагындагы көл ачылып, айылды каптап кетет. Тегирмечтен көчүрүлгөн 25 түтүн кожолук Валакыш деген өрөөнгө отурукташып, түндүктөн түштүккө созулган сыңар (бир катар) көчө түшөт. Ар бир кожолукка 0,20 сотыхтан жер берилип, көчөнүн жолу, суу арыгы үчүн ортого 20 метрден тилке калтырылат. Айылды куруу иштери 1966-жылдан 1972-жылга чейин райондук мамархитектуранын көзөмөлүндө болгон. 1972-жылы айылдын батыш жагынан, мурдагы сыңар көчөнүн бет маңдайынан эки кожолукка өзүмдүк үй куруу үчүн мыйзамдуу жер берилип, бул жолу да көчөнүн аралыктарын 20 метр кылып, анын ичинен жолго жана суу жүрчү арыкка 12 метрден жер тилкеси калтырылат. 1974-жылга чейин баары мыйзамдын нугунда болуп келген да, 1974-жылдан көзөмөл болбой, өз алдынча үйлөр түшө баштаган. Айылдын батыш тарабындагылар өздөрү билгендей, көчөнү ойгелди салгандыктан, өздөрүнө суу келүүчү арыкты да кысып, жолду да тарытып, тосмолорду тосуп алышкан. 1974-жылдан кийин баягы сыңар көчө толук көчө болуп, 1993-жылы айылдын жаштары өкмөттөн жер сурап, аларга айылдын күн чыгыш жагынан үй курууга жер бөлүнүп берилип, үч катар айыл болот. 1994-1995-жылдары айылдын чыгыш жагынан үлүш жер берилип, бир арык сууну үлүш жер менен төрт катар кожолук пайдаланып калат. Ошентип, ортодон төмөн жактагы кожолуктарда сугат суудан тартыштык жаралат. “Бир айыл элбиз, жамандык-жакшылыгыбыз бир” деп, улуу башын кичик кылып суу башындагыларга, орто жолдон сууга кирип алгандарга да кайрылышат. Бирок, пендечилик көп эмеспи, макул болушпайт. Акыры айыл өкмөтүнө, булардан ылаажы болбой, районго кайрылышат. 2004-жылы гана райондук мамкаттоо кызматынан үч адис келип: “Айыл элинин огороду союз маалында канча болгон, эми канча болуп калды, текшерип жүрөбүз” деп, элдин огородун ченеген болуп, ченегени курусун, айыл элинин: “сугат суу үчүн арыктын ордун калтырып кеткиле, эртеси чыр болбосун” дегенине карабай, арык үчүн жер калтырбастан, арыкты кысып, жолду тарытып чыгып алгандардын жер үлүшүн ошол бойдон, “по факту” каттап бериптир. Ошондон бери 13 жыл өтсө да, жыл сайын суу талаш экен. Кадамжай райондук мамкаттоо кызматкерлеринин күнөөсү бар, сот алардын чечимин жокко чыгарыш керек дегенибиз ошондон. Мына ошол үч ырыс кесер жер адисинин кылган ишинен жамандык-жакшылыгы бир эл бири-бирине салам бербеген акыбалга жеткен.

Аксакал “эл көйгөйүн мен айтпасам ким айтат?” деп, бизге эле кайрылып тим болбостон, биздин сунушубуз менен Акыйкатчыга да кайрылып, УТРКга да арыз-арманын айткан. Тилекке каршы, биз жазып, УТРК сюжет жасап, Акыйкатчы институту жеринде барып аксакалдын арыз-арманын караган менен жергиликтүү мамлекеттик администрация да, жер кадастр кызматы, мамкаттоо “колуңардан эмне келет” дегендей мамиле жасаган болчу.

Ал киши жыл сайын келет, жыл сайын биз жазабыз. Акыйкатчыга барып кайрылат. УТРКга барат. Тилевалды аксакалдын сөзү кадамжайлык бийликке жетпей койду. Арадан эки-үч жыл келбей калды эле, чечилген го деп ойлосок, былтыр кайта келди, маселе чечилбептир.

Чындыгында чечилбей турган маселе эмес болчу. Тилевалды Абдурахманов аксакал жергиликтүү бийликтен асмандагы айды алпер деп да суранган эмес, болгону кызыл сызыктан чыгып кеткендер кайта мурдагы мыйзамдуу берилген үлүш жерине кайтсын деген гана талапты койгон. Биз ушул жолу да Кадамжай районундагы жергиликтүү бийликке кайрылып, талаш маселени мыйзам чегинде чечип берүүсүн өтүнөт
элек.

Соцтармакта эмне кеп?

Социалдык тармактарда да «снос» темасы талкууланып, алардын бири: «СНОС» темасы боюнча…

«Чындыгында жер чегин бузуп, мамлекеттин жерине ээлик кылып алып курулган нерселер (үй, сарай, кампа, көмүркана ж.б.д.у.с.) токтоосуз эле бузулуусу шарт. Бишкекте антип атыптыр, Ошто минтип атыптыр деп тамаша кылып отурбай, ар бир шаарда, ар бир айылда ушундай иштер аткарылып, жолдор кеңейтилүүсү зарыл. Өзүбүз кызыкпыз, ары жагыңда огородуң (тамаркасы) аңгырап бош жатса дагы, бери көчө жагын чоюп, короо-сарай салып алганбыз көп жерде. Көчөдөн жүк тарткан машине-трактор эмес эшек араба араң өтүп калган. Бул натура көрүнүш. Мындай «снос» иштери «ала койду бөлө кырккандай» болбой текши, бардыгына бирдей талап менен аткарылса эч ким каршы болбойт, тетирисинче жалпы колдоого ээ болот. Ушул көтөрүлүү, ушул дем менен бардык жерде архитектура, курулуш, жер пайдалануу боюнча иреттүүлүккө жетишип, бекем тартип орнотуп алсак эң сонун болмок.

Ал эми мыйзамдуу түрдө менчик жерлер мамлекеттик муктаждыкка зарыл болуп калса аркы-берки шылтоону айтып жөн эле тартып алууга аракет кылгандан көрө акылга сыя тургандай баасын берип, жер ээсин ыраазы кылып туруп
алган оң.

Жакшы иштер жакшы жолдо бүткөнү Жаратканга дагы, элге дагы жагат”, – деп кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар мыйзамдуу чегине кайтыш керектигин,
баары мыйзам чегинде болушун колдоп жазса, Абдималик Элеманов аттуу фейсбук колдонуучу: “Снос – бизнес, каракчылык, демөөрчүлүктүн булагына айланып кетпеш керек.

Снос – бузуучулук, кампания же бийлик мактана турган, өндүрүштүн ордуна калкка көрсөтө турган ийгилик катары каралбашы абзел.

Бийлик эл жалдап иштеткен мандикерлер, ал мандикерлер 20-30 жылда эрежени өзгөртүп, калкка түйшүк жарата бербеши керек.

Мурдагылар берген байталды, азыркылар кайта алды болуп жатат.

Снос акырын, рекламасыз, план аркылуу ишке ашуусу зарыл…” – деп бул маселеге өтө астейдил мамиле керектигин, “ураа-а” деп аңгүдүк кетип, алабармандыкка, утурумдук өнөктүккө жол берилбеш керектигин эскертиптир. Биз да ушул ой-пикирге кошулабыз. “Бөрк ал десе баш алгандан” эч ким утпайт, тескерисинче эл арасында нааразычылык
жаралат.

49 жылга берилген…

Борбор калаабыздын аймагында 49 жылга пайдаланууга берилип эле, күндөрдүн бир күнүндө 10-12 кабат үй түшүп калган жер участоктору бар. Алсак, мындан 10-15 жыл мурда ордо калаабыздын Манас менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде “Адмирал” деген эки кабат кафе бар эле. Азыр анын ордунда көп кабаттуу үй
турат.

Каалайбызбы же жокпу, тротуарга чукул салынган бул үйдүн мыйзамдуулугу талаш жаратпайт койбойт. Биз далай эле жазгандай болдук, бирок, шаар бийлигинин бул үйдүн канчалык мыйзамдуу салынганына колу жете элек окшоду.

Муну айтабыз, Исанов менен Бөкөн-баев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дагы бир үй так эле тротуарда турат. Кандай жүрөгү тоодой неме уруксат берген да, кандай жүрөгү тоодой неме үй курган, билбейсиң. А көп кабаттуу үйдө болсо, ондогон үй-бүлөлөр эч нерседен бейкапар жашап жаткандыр деп ойлоп, кайра кантип эле сатып алып жатып, бул үй тротуарда турганын көргөн болбосун деп аргасыз таң каласың.

Эгерде, бул көп кабаттуу үйлөр 49 жылга берилген участок ордунда курулган болсо, анда мөөнөтү бүткөн соң, бул үйдүн жашоочулары кайда барышы мүмкүн?

Демек, 49 жылга берилген участоктор эртели-кеч мэриянын күн тартибине кою-
лууга тийиш. Шаар бийлиги мындай 49 жылга берилген жер участокторун инвентаризациялап, бул участоктор убагында кимге берилген, эмне курулган, эгер мыйзамсыз курулуштар түшсө, ага ким жоопкерчиликтүү ушу бүгүн бир жаңсыл чечим кабыл алышы зарыл деп ойлойбуз.  49 жылдан кийин ким бар, ким жок, биздин баш ооруну кийинки муундарга калтырып салганда болбойт.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар