whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
19.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКөп мандаттуу шайлоо мыйзамы тууралуу...

Көп мандаттуу шайлоо мыйзамы тууралуу…

«Кыргыз Республикасынын  президентин жана Кыргыз Республикасынын  депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Учурда бул мыйзам долбоору экинчи окууга чейин эл аралык уюмдар жана коомчулук менен талкууланып жаткан чагы.

Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, өлкөдө 30 шайлоо округу түзүлүп, андан үчтөн депутат шайланып келет. Ар бир округдан бирден аял киши шайланат. Талапкерлер үчүн күрөө акысы мурда 100 миң сом болсо, ал 300 миң сомго чейин жогорулайт. Ал эми учурдагы мыйзамда жеңишке жеткен талапкерлерге күрөө акысы кайтарылып берилсе, жаңы мыйзам кабыл алынса, күрөө акчасы кайтарылбайт. Андан сырткары ар бир талапкер 500гө че-йин үгүтчү жалдоого укуктуу болот. Айрым депутаттар үгүтчүлөрдүн санын миңге чейин көбөйтүү зарылдыгын айтышууда.

Биз айрым инсандардын сунушталып жаткан мыйзам боюнча пикирин угуп көрдүк.

“Бир округдан 2 аялга мандат берилиши мүмкүн”

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 30 пайыздык квота жалаң аялдарга тиешелүү деп түшүнүү туура эместигин, балким бир округдан 2 аял киши да келип калуусу ыктымалдыгын билдирди.

«Конституцияга ылайык, ЖК депутаттарынын саны 90ду түзөт. Ошондо ар бир округдан үчтөн депутат келет. Алардын 30 пайызы боюнча гендердик баланс сакталат. Бирок, шайлоого катышкандардын ичинен бир гана аялга мандат берилет деген түшүнүк туура эмес. Эгерде, шайлоого катышкан талапкерлердин ичинен эки аял эң жогорку добуш алса, анда экөөнө тең мандат берилет.

Бүгүнкү күндө бир шайлоочу 1 эле талапкерге добуш бере алат деп көрсөтүлгөн. Бирок, айрым депутаттар тарабынан 1 шайлоочу 3 талапкерге добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк берели деген сунуш айтылууда” – деди Тынчтык Шайназаров.

“Инфляцияны эске алуу керек”

Жогорку Кеңештин депутаты  Улан Примов депутаттар жана коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын-пикирлер эске алына турганын, шайлоо күрөөсү катары мурда коюлуп келген 100 миң сом 300 миңге көтөрүлүп жатканын, буга бир катар факторлор себеп болгонун, анын ичинде инфляция да бар экенин айтты.

«Инфляцияны эске алуу менен айтканда 300  миң сом азыр жөнөкөй жарандарды деле шайлоого катышууга толук кандуу мүмкүнчүлүк берет. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын да шайлоого катышуусун камсыздоо максатында күрөөнү азайтуу жагын карап жатабыз. 30 округ регионалдык балансты сактайт, экинчи жагынан ар бир региондун өкүлү депутат болуп шайланып келе алат”.

“Бир шайлоочу 3 кишиге добуш бериши керек”

Эксперт Ишенбай Кадырбеков бул мыйзам кабыл алынса, шайлоочулар өздөрү каалаган талапкерди депутат кыла алат дейт.

«30 округга бөлүнүп, 3төн депутат келгени жакшы. Бирок, шайлоочу 3 кишиге добуш береби же бир эле талапкергеби деген талаш жаралды. Көп мандаттуу дегенден кийин 1 киши үч талапкерге добуш берүүгө укугу болушу керек. Кыргызда эркектер саясатка көп аралашып, аялдар артта калып кетет. Бул мыйзам менен аял кишилер эң аз добуш менен депутаттык мандат алышат. Шайлоо күрөөсү, фонду боюнча маселелер бар, акчасы жок, бирок, таланттуу, билимдүү балдар сыртта калып калышат”.

“Мамлекеттик жана  муниципалдык кызматта  5 жыл иштесин”

Эл өкүлү  Камила Талиева азыркы иштеп жаткан мыйзам эле калса болмок деген пикирде.

«Мыйзам долбоору келип, талкуу болуп, биринчи окуудан өтүп калды. Бул сунушталып жаткан мыйзам долбоору партияларды муунтуп коет деген коркунуч бар. Анын үстүнө күрөө катары айтылып жаткан 300 миң сом, мага окшогон карапайым адамдар үчүн чоң сумма. Мурда бир мандаттуу округдан жеңишке жеткен талапкерге күрөө акчасы кайтарылып берилсе, жаңы мыйзам долбоорунда бул акча кайтарылбайт экен. Мен сунуш катары талапкер мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек деп кат жүзүндө бердим. Анткени, депутат болуп келген киши мыйзамдарды жазууну, аны талкуулоону билиши керек. Эч нерсени түшүнбөй эле акчалуу кишилер келип калса, бул коркунуч да. Андай учурлар бизде болуп келген. 30 пайыз гендердик квота милдеттүү түрдө сакталат дегени туура. Азыр ЖКда 19-20 аял депутат болсок, бул мыйзам кабыл алынса, 30 аял депутат  болуп
келет”.

Султанбек
АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар