Башкы беткеРубрикаларЭкономикаУлуттук банктын активдери өсүүдө

Улуттук банктын активдери өсүүдө

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 2025-жылдын 31-мартынан 2026-жылдын 31-мартына чейин 44,5%га көбөйдү. Бул тууралуу башкы банктын финансылык абалы боюнча отчетунда айтылат. 2026-жылдын 31-мартына карата Улуттук банктын активдери 896,9 млрд сомго жеткен.

Отчётто активдердин негизги бөлүгүн монетардык алтын түзүп, анын көлөмү 608,8 млрд сомду түзгөнү. Ал эми монетардык эмес алтын жана алтын запастары 102,3 млрд сомго барабар болгон. Кассадагы, банктардагы жана башка финансы уюмдарындагы каражаттар 99,3 млрд сомду түзүп, 21,9%га азайган.

Ошол эле учурда башка жыйынды киреше аркылуу адилет наркы менен бааланган баалуу кагаздарга салынган инвестициялар 51,9 млрд сом деңгээлинде туруктуу сакталган.

Амортизацияланган нарк боюнча бааланган баалуу кагаздарга инвестициялар 124,3 млн сомго кыскарып, 19,9 млрд сомду түзгөн. Туунду жана ассоциацияланган уюмдарга салынган инвестициялар бир аз өсүп, 7,8 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын негизги каражаттары 4,1 млрд сомду, башка активдери 2,2 млрд сомду, ал эми материалдык эмес активдери 148,5 млн сомду түзгөн.

Милдеттенмелердин жалпы көлөмү 639,3 млрд сом болгон. Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 280,1 млрд сомго жетсе, банктар жана финансы уюмдарынын каражаттары 214,8 млрд сомду түзгөн. Министрлер кабинетинин каражаттары 44,8 млрд сомдон 90,1 млрд сомго чейин өскөн.

Жыйынтыгында, Улуттук банктын капиталы 257,6 млрд сомду түзүп, анын ичинен 25,9 млрд сом пайдага туура келген.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар