Кыргызстанда жазасын өтөп жаткан адамдардын саны азайып, кайталанма кылмыштар төмөндөгөнү маалым болду. Бул тууралуу “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” долбоорунун жыйынтыгын чыгаруу учурунда юстиция министри Аяз Баетов билдирди
Министрдин айтымында, долбоор Кыргызстан менен Европа биримдигинин биргелешкен демилгеси болуп, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен Людвиг Больцман атындагы адам укуктары институту тарабынан көп жылдык иш жүргүзүлгөн.
Анын негизинде сот системасы санариптештирилип, пробация кызматында натыйжалуу иштер жүргүзүлдү. Бул чаралар абактагыларга жазасын боштондукта жана органдын көзөмөлү астында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берип, абактагы жарандардын санын азайтты.
Натыйжада кайрадан кылмыш жасоочулардын саны да төмөндөгөнү белгиленди. Аяз Баетовдун айтымында, санариптештирүү кылмыштуулукту азайтуу боюнча негизги чечим болуп эсептелет. Долбоордун алкагында кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри түзүлүп, процедуралар жана нускамалар жөнөкөйлөштүрүлдү. Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулук менен иштөө багыттары да каралган.
Бул демилге мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана министрлер кабинети тарабынан колдоого алынган. Бүгүнкү жыйында долбоордун экинчи фазасына кол коюлду

