Акыркы беш жылда чет өлкөгө иш издеп кеткен кыргызстандыктардын саны кыйла азайды. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов массалык маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтымында, буга өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жакшырышы жана эмгек акынын өсүшү негизги себеп болду. Мурда жумушчу күчүн экспорттоочу өлкө катары саналган Кыргызстан учурда чет өлкөлүк жумушчуларды да кабыл ала баштады.
Мындан тышкары, эмгекке орношуу тартиби да өзгөрдү. Эгер беш жыл мурун чет өлкөгө кеткен жарандардын болгону 1%ы гана расмий булактар аркылуу ишке орношсо, бүгүн бул көрсөткүч 15%га жетти. Бул жарандардын мыйзамдуу жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугунун жогорулашы жана мамлекеттик органдардын көзөмөлүнүн күчөшү менен байланыштуу.

