Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФарзона Эмомали саламаттыкты сактоону реформалоо ишин жетектейт

Фарзона Эмомали саламаттыкты сактоону реформалоо ишин жетектейт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кичүү кызы Фарзона Эмомали өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги реформалар, алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана эл аралык кызматташтык багыттары боюнча башкармалыкка жетекчи болуп дайындалды.

Министрликтин расмий маалыматына ылайык, 27 жаштагы Фарзона Тажик мамлекеттик медициналык университетинин “Дарылоо иши” факультетин аяктап, андан соң “Педиатрия” адистиги боюнча ординатурадан өткөн. 2023-жылы ал Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан да билим алып, дипломго ээ болгон.

Бул дайындоо менен Эмомали Рахмондун кыздарынын мамлекеттик башкаруудагы орду дагы бир ирет тастыкталды. Кыргызстанда да коомчулук бул көрүнүшкө кызыгуу артып келет. «Кыргыз Туусу» гезити саясатка саресеп салып, дүйнөдөгү, анын ичинде Тажикстандын кыз мураскерлери тууралуу кеңири макала даярдаган. https://kyrgyztuusu.kg/archives/28123

Төмөндө аталган макалынын Эмомали Рахмондун кыздары тууралуу бөлүгүн сунуштайбыз. 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 9 баласы бар, алардын экөө эркек, жетөө кыз. Озода, Тахмина, Рухшона, Фарзона, Фируза, Парвина, Зарина аттуу кыздарынын ичинен эң эле таанымалы Озода Рахмонова.

Мамлекет башчысынын экинчи кызы, Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин аппаратын жетектейт. Ал мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген, андан кийин Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгын жетектеген. 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Беш жылдан кийин тышкы иштер министринин биринчи орун басарлыгына көтөрүлгөн.

2015-жылы Озода Рахмон биринчи даражадагы «Шараф» ордени менен сыйланган. Бул сыйлыкты ал президенттин колунан, Тажикстандын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына карата алган. «Шараф» ордени экономика, социалдык тармак, илим, маданият жана билим берүүдө кошкон салым үчүн, ошондой эле үлгүлүү мамлекеттик жана аскердик кызмат, активдүү коомдук ишмердүүлүк үчүн ыйгарылат. 2016-жылы Озода Рахмон Душанбеден сенатор болуп шайланып, парламенттин жогорку палатасындагы укуктук комитетти жетектеген.

Үчүнчү кызы – Рухшона Рахмонова Тажикстандын Улуу Британиядагы элчилигинде иштеген. 2016-жылы аны Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар башкармалыгынын башчысынын орун басары кылып дайындашкан. 2017-жылы ал «Дипломатиялык кызматтын негиздери» аттуу китебин жарыялаган.

Алтынчы кызы – Зарина Рахмон «Ориён-банк» банкынын башкармалыгынын төр-агасынын  орун басары болуп иштейт. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бул кызматты ал 2017-жылдан бери аркалап келет. Зарина Рахмонова 2010-жылы, болгону 16 жашында  Тажикстандын 1-каналында диктор катары дебют кылган.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар