Саясатчылардын, өлкө башында турган адамдардын уул-кыздары атасынын жолун жолдогондору да жок эмес. Төмөндө алардын айрымдары тууралуу сөз кылабыз.
Беназир Бхутто
Беназир Бхутто Пакистандын Синд провинциясында төрөлгөн. Анын ата теги бул жерде кылымдар бою ири жер ээлөөчү болуп келишкен. Беназирдин атасы Зульфикар Али Бхутто 1962-жылы Пакистандын Тышкы иштер министри болгон. Бирок, кийин оппозицияга өткөндө 1968-жылы ал камакка алынган. 3 айдан кийин эркиндикке чыгып, президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Индия менен жер талаштын айынан бир топ конфликттер орун алган. 1977-жылы оппозиция Али Бхуттону шайлоодо добуштарды жасалмалаган деп айыптаган. Арадан убакыт өтүп, армия президентке каршы иштеп ал камакка алынып, өлүм жазасына тартылган. Аны дарга асып өлтүрүшкөн. Беназир атасынын жолун жолдоого ошондо чечим кабыл алган. Алгач апасы, кийин өзү 1981-жылы камакка алынган. 1984-жылы ден соолугуна байланыштуу камактан бошотулуп, Пакистандан чыгып кеткен. 1988-жылы парламенттик шайлоого катышып, “Пакистан элдик партиясы” жеңишке жетип, Беназир Бхутто Премьер-министр болгон. Саясий интригадан улам кызматтан кетип, 1993-жылы кайра Премьер-министр болгон. Кийин коррупцияга айыпталып кайрадан креслодон кол жууган. 2007-жылы декабрь айында митинг учурунда киши колдуу болуп, Беназир Бхутто өлтүрүлгөн.
Индияны башкарган Индира Ганди
Индира Ганди 1917-жылы Аллахабадда туулган. Анын атасы Жавахарлал Неру Индиянын биринчи премьер-министри. Индира Гандинин үй-бүлөсүндө аялдар Индиянын көз-карандысыздыгы үчүн активдүү күрөшкөн айымдар болгон.
Индира Ганди Англияда 1937-жылы Оксфорддун колледжине окууга тапшырып, экинчи дүйнөлүк согушта мекенине кайтып келет. 1942-жылы Фероза Ганди аттуу жаранга турмушка чыккан. Күйөөсү экөө бир катар куугунтуктарга кабылган учурлары дагы болгон. 1947-жылы Индира Ганди атасынын (премьер-министрдин) жеке катчысы болуп дайындалган. 1960-жылы күйөөсү, 1964-жылы атасы каза болгондон кийин Индира депутат болуп шайланган. Кийин өкмөткө которулуп, Маалымат жана радио берүү министри болгон. Ал 1966-жылы Индиянын премьер-министри болуп дайындалган. Саясий интригалардын курмандыгы болгонуна карабай, Ганди өз мекени үчүн чын дилден иштеген. 1978-жылы парламентке кайрадан депутат болуп, 1980-жылы премьер-министр кызматына кайтып келген. 1980-жылы кол салуудан аман калганы менен кийинки кол салуу анын өмүрүн алган. 1984-жылы аны өзүнүн эки жансакчысы өлтүргөн. Ошол эле күнү Индиранын уулу премьер-министр болуп шайланып, апасына арнап 12 күндүк аза күтүү жарыялаган. Индира Ганди ошентип, 67 жаш курагында дүйнөдөн өтүп, ал менен коштошуу-га миллиондогон мекендештери келген. Анын сөөгү атайын табытта 1984-жылдын 2-ноябрында өрттөлгөн.
Түркмөнбашынын кызы
Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов Азербайжанга иш сапары менен барды. Бакуда аны президент Илхам Алиев тосуп алды. Кызыгы Бердымухамедовду кызы Огулжахан Атабаева коштоп барса, Азербайжандын өлкө башчысынын кызы Лейла Алиева дагы аталган жолугушууга катышты.
Түркмөнстандын азыркы президенти Сердар Бердымухамедовдун эжеси Огулжахан Атабаева акыркы кездери саясий аренада көбүрөөк чыгууда.
Ал тууралуу ачык булактарда маалымат акыркы кездерге чейин аз болчу. Буга чейин Еропада элчиликте иштеген жаранга турмушка чыкканы гана айтылчу. Анын аты өткөн жылдын декабрь айында түркмөн ЖМКларында биринчи жолу аталды. Анда ал атасынын атын алып жүргөн фонддун вице-президенти болуп дайындалганы, “Аркадаг” (камкорчу) медалы менен сыйланганы жазылган. Ушул жылдын март айынан бери ал өзүнүн саясий активдүүлүгүн жогорулатып, эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугуша баштады. Аймактарды кыдырганда жергиликтүү бийликтегилер аны президентти же атасын тосуп алгандай тосуп алышууда. Анын пиар компанияларында атасынын катышып жатканы Огулжахан Атабаева келечекте өлкөнү башкарып калышы мүмкүндүгүн билдирбейби?..
Гурбангулы Бердымухамедов менен Огыльгерек Бердымухамедованын 2 уул 1 кызы бар. Ачык булактарда так маалымат жок болгондуктан, Огулжахан Атабаева экс-президенттин улуу кызы болушу ыктымалдыгын журналисттер жазып жүрүшөт. Ал эми кичүү кызы Гульшан тууралуу эч бир маалымат жок.
Каримовдун “Гугушасы”
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мураскер уулу болгон эмес. Андыктан, коомчулук такка анын тун кызы Гүлнара Каримова отурат деп ойлошкон. Ал каръерасын 23 жашында баштаган. Тышкы иштер министрлигинде кеңешчи болуп эмгек жолун баштаган Каримова, Испаниядагы Өзбекстандын элчиси болгон.
Саясий аренадан сырткары жеке бренддеги кийимдерди чыгарган, парфюмдар менен иштеген. “Гугуша” деген каймана ат менен ырдап сахнада дагы жүргөн. “Принцессанын” тагдыры тез эле талкаланды. Аны өз атасы камакка алууну буюрган, кызынын чектен чыккан кылыктары өлкөнүн аброюн чет өлкөлөрдүн алдында түшүрдү деп эсептеген ал.
2016-жылы Өзбекстандын тунгуч президенти каза болгондон кийин да Гүлнара камактан чыгарылган эмес. Тескерисинче, 2017-жылы прокуратура Гүлнара Каримова миллиондогон долларларды сол чөнтөккө сологонун айткан. Ошентип, ал үй камагынан түрмөгө киргизилген болчу, арадан көп жыл өтүп, 2025-жылдын башында анын жатак абакка чыкканы маалым болду.
И. Каримовдун кичүү кызы Лола Тиляева-Каримова саясатта анчалык белгилүү болгон эмес. Бирок, атасынын доорунда чет өлкөдөн кымбат баалуу мүлктөрдү алганын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жүрүшөт.
Саида жана Шахноза
Өзбекстанды өмүрүнүн акырына чейин башкарган Ислам Каримовдон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин эки кызы бар – Саида жана Шахноза. Шахнозага салыштырмалуу Саида саясатта активдүүлүгү менен айырмаланат. 4-ноябрда 41 жашка толот. Саида айым, дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинен билим алган. Андан соң Ташкент юридикалык университетинен, кийин Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинен билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Ал 2019-2020-жылдары президенттик администрациянын алдында түзүлгөн маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинде директордун орун басары, 2022-жылдын ноябрь айынан тарта президенттик администрациянын аткаруу аппаратынын коммуникациялар жана маалыматтык саясат боюнча секторунун башчысы болгон. 2023-жылы президенттин жардамчысы болуп иштесе, жакында эле президенттик администрацияны жетектей баштады.
Кошуна өлкөнүн президентинин кичүү кызы Шахноза дагы илимдүү кыз. Ал педагогика илимдеринин кандидаты, укук жана дүйнөлүк экономика жаатында магис-тратураны аяктаган. 2023-жылдан тарта президентке караштуу улуттук социалдык коргоо агенттигин жетектеген. Жакында эле улуттук параолимпиада комитетинин жетекчиси болуп дайындалды.
Дариганын даңгыр жолу
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Дарига, Алия, Динара аттуу үч кызы бар. Булардын ичинен саясий аренага чыкканы Дарига Назарбаева болду.
Дарига Назарбаева Москвадан тарых факультетин аяктаган, андан кийин Казакстанда дагы билим алган. Тарых илимдеринин кандидаты, саясий илимдеринин доктору. Эмгек жолун коомдук фонддун вице-президенттигинен баштап, “Хабар” агенттигинин башкы директору, “Хабар” жабык акционердик коомунун президенти, директорлор кеңешинин төрайымы болгон.
Анын саясий карьерасы 2004-жылы башталып, парламенттин 3-чакырылышына “Асар” партиясы аркылуу мажлистин депутаты болуп келген. Ал ошондон бери саясий аренада активдүү болгон. Ал 2022-жылга чейин депутаттык ишмердүүлүк менен алектенген.
Коомчулукта Дарига Назарбаева кийинки президент болушу ыктымалдыгы айтылып келген. Бирок, күтүлбөгөн жерден Нурсултан Назарбаев 2019-жылы өз каалоосу менен президенттик кызматтан баш тарткан. Анын ордуна эл ойлогондой Дарига Назарбаева эмес, Касым-Жомарт Токаев бийликке келген.
Экинчи кызы Алия Назарбаева АКШдан, Казакстандан билим алган. Эң чоң мамлекеттик кызматы президенттик администрациянын жалпы бөлүмүнүн кеңешчиси болгон.
Экс-президенттин дагы бир кызы Динара Кулибаева маданият тармагында ишкердик кылган. Атасынын атындагы фондду дагы бир нече убакыт жетектеген. Динара Кулибаева Нурсултан Назарбаев атындагы билим берүү фондун негиздеп Казак-Британ техникалык университетин негиздеген. Бирок, ал окуу жай 2025-жылы мамлекеттин балансына алынган.
Эмомали Рахмондун кыздары
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 9 баласы бар, алардын экөө эркек, жетөө кыз. Озода, Тахмина, Рухшона, Фарзона, Фируза, Парвина, Зарина аттуу кыздарынын ичинен эң эле таанымалы Озода Рахмонова.
Мамлекет башчысынын экинчи кызы, Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин аппаратын жетектейт. Ал мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген, андан кийин Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгын жетектеген. 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Беш жылдан кийин тышкы иштер министринин биринчи орун басарлыгына көтөрүлгөн.
2015-жылы Озода Рахмон биринчи даражадагы «Шараф» ордени менен сыйланган. Бул сыйлыкты ал президенттин колунан, Тажикстандын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына карата алган. «Шараф» ордени экономика, социалдык тармак, илим, маданият жана билим берүүдө кошкон салым үчүн, ошондой эле үлгүлүү мамлекеттик жана аскердик кызмат, активдүү коомдук ишмердүүлүк үчүн ыйгарылат. 2016-жылы Озода Рахмон Душанбеден сенатор болуп шайланып, парламенттин жогорку палатасындагы укуктук комитетти жетектеген.
Үчүнчү кызы – Рухшона Рахмонова Тажикстандын Улуу Британиядагы элчилигинде иштеген. 2016-жылы аны Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар башкармалыгынын башчысынын орун басары кылып дайындашкан. 2017-жылы ал «Дипломатиялык кызматтын негиздери» аттуу китебин жарыялаган.
Алтынчы кызы – Зарина Рахмон «Ориён-банк» банкынын башкармалыгынын төр-агасынын орун басары болуп иштейт. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бул кызматты ал 2017-жылдан бери аркалап келет. Зарина Рахмонова 2010-жылы, болгону 16 жашында Тажикстандын 1-каналында диктор катары дебют кылган.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

