1991-жылы СССР кыйрады. Анын курамындагы 15 союздук республика эми ар бири өз алдынча эгемендүү көз карандысыз мамлекет болду. Ушундан улам ар бир мамлекет өзүнун улуттук мамлекеттик идеологиясы менен жашоо зарылчылыгы келип чыкты.
Башка өлкөлөр менен катар Кыргызстан эгемендүүлүктүн отуз жылында ар кандай саясий жана социалдык турмуштук структураларды баштан кечирди. Өлкөдө бийликтин туруктуу башкаруу структурасын тандоонун жана мыйзамдуулукту ишке ашыруу-нун зарылдыгы келип чыкты. Мыйзамдуулукту ишке ашырууда бизге ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан нарк-насил, адеп-ахлак, салт-санаа жолуна кайтуу жана азыркы замандын талабына ылайык эгемендүү Кыргызстандын улуттук идеологиясын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.
Бул деген сөз – өткөн отуз жылдык турмушубузду терең карап көрүп, аны толук анализдеп, кеткен кемчиликтерди кайталабай, элдердин биримдигин жана бирдиктүү коомдук аң-сезимди камсыз кылуучу, бирдиктүү саясий, мамлекеттик, улуттук мүнөз-дөгү документ керек деген сөз эле.
Мына ушул зарылдыктан улам, президент Садыр Жапаров өзүнүн 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 жарлыгы менен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” деген тарыхый документ кабыл алды. Эми Кыргызстандын элинин алдында бул маанилүү мамлекеттик улуттук доктринаны ишке ашыруу милдети турат.
Кантип? Эң биринчиден, бардыгы адамдардын пейилине, Ж.Баласагын айткандай каниет кылганына жана акыл чайкап иш кылганына жараша болот. Кыргыз кең пейил элбиз. Бирок, ошол эле убакта көрө албастык деген оору бар, сындоого машпыз, куру сөздү сүйлөгөн көбөйдү, ар ким мен коомго эмне салым коштум деген сезимди ар бир күнү ойлоп жашабайт. Ушул сапаттарды койсок.
Экинчиден, биздин коомдо жакшыны жакшы деш керек, адамдын эмгегине жараша баа берүү азайып баратат. Мамлекет башчылары коррупцияга каршы канчалык күрөшсө дагы, тааныштык, жердешчилик, өз кадрын же таанышын кызматка алуу тыйылбай келет. Канча таланттуу чыныгы кесипкөйлөр өз ордунда эмес, канчасы бош жүрөт. Өлкөдө пенсионерлердин тажрыйбасын пайдалануу калып баратат.
Коомдук институттар – карыялар кеңештери, карыялар соттору, аялдар уюмдары, жаштар уюмдары жана жарандык, бейөкмөт уюмдары таалим-тарбия маселелерине толук кийлигишпей жатат.
Улуу муун менен орто муундардын ортосунда нарктуулук басаңдап баратат. Өлкөдө сакал койгондордун саны өстү, бирок ошолордун арасында нарктуулукту көргөзгөндөр, жаштарга өз насааты менен үлгү болгондор жокко эсе.
Ачыгын айтыш керек, өлкө-дөгү билим берүүнүн сапатына ар бир класстан, ар бир мектептен, ар бир окуу жайдын ар бир окутуучусунан баштап көңүл бурууга убакыт жетти. “3” деген баа канча адамдын кендирин кесип жатат. Мына ушуну
ойлонолу.
Улуттук идеология деген – бул улутубуздун бүгүнкү, эртеңки тагдыры. Ал биздин ар бир жараныбыздан, ар бир үй-бүлөдөн, атанын балага калтырган насаатынан, баланын ата-энеге, улуу-ларга, коомго кылган мамилесинен башталат. Адам кайсы жерде болсо да адам болуш керек! Ал ар качан, мейли кайда жүрбөсүн өзүнүн адамдык вазийпасын аткарыш керек!
Кыргызстан – биздики! Мындай өлкөнү, мындай кооз, экологиялык таза жаратылышты, мындай ак калпактуу Ала-Тоону, көгүлтүр Ысык-Көлдү бизге башка бирөө бербейт. Башка эч бир эл келип биздин жерге бизчелик күйбөйт! Ошондуктан бир келген өмүрдө татыктуу бололу, урматтуу мекендештер! Мына Улуттук идеология деген ушул!
Дүйшөк МАМБЕТӨМҮРОВ, Кыргыз
Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер