Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда (2024) Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн Келечек саммитинде (Нью-Йорк, АКШ) сүйлөп, сөзүн мындай жыйынтыктаган:
«Биз бүгүн кабыл ала турган чечимдер нечен муундун тагдырын аныктайт. Эсиңерде болсун бул абстрактуу концепция эмес, бул биздин коллективдик жоопкерчилигибиз. Бул биздин балдарыбызга, неберелерибизге, бизден кийин келчүлөрдүн баарына калтыра тургун мурасыбыз. Бүгүн биз куруп жаткан дүйнө алардын тилек, кыялдарынын булагы болот. Урматтуу лидерлер, силерди өз ара ишенимге, пайдалуу кызматташууга, кынтыксыз адилеттикке негизделген келечектин архитектору болушка чакырам. Биз бул жерден чечкиндүү аракет кылбай кетип калбайлы. Келечек бизден токтоосуз түрдө батыл жана дымактуу иш-аракет кылышты талап кылат».
Болочок иштерди пландоо жана божомолдоо (прогноз) бай жана узак тажрыйбага ээ. Америкада ХХ кылымдын орто ченинен баштап «келечекти изилдөөлөр» максаттуу түрдө (адегенде коргонуу, аскер иштеринде) жүргүзүлө баштаган. Японияда технологиялардын келечегине байланышкан изилдөө иштерине чоң маани берилген. Бул жааттагы демилгелер Европага жайылып, Австралияга жеткен. Бара-бара мындай иш-аракеттер илимий изилдөөлөрдүн өзүнчө тармагына айланып, академиялык-дисциплинардык статуска ээ болду. Башкача айтканда, адистер калыптанды, авторитеттер иргелди, илимий журналдар чыга баштады, конференциялар уюштурулду, китептер жарыяланды, университеттерде окуу программалары иштелип чыкты, өкмөттөр келечекти изилдөөнү башкарууда, практикада колдоно башташты. Кыргызстанда да белгилүү бир деңгээлде тажрыйба бар десек болот.
«Өнүгүү концепциясы», «Өнүгүү стратегиясы» аталган расмий документтер бир топ убакыттан бери ар кайсы деңгээлде (мекеме, тармак, аймак, өлкө), ар кайсы мөөнөткө (беш жыл, он жыл) иштелип чыгып, талкууланып, белгилүү тартипте кабыл алынып келе жатат. Албетте, алар канчалык даражада өзүн актап, күндөлүк иште эске алынып, жетекчилер тарабынан аткарылып, мезгил-жагдай өзгөрүшүнө жараша оңдолуп, толукталып, өз жемишин берип жатат бул башка маселе.
Бул жерде айтайын дегенибиз: келечекти изилдөө багытында жаңы илим тармагы пайда болду. Анын өзүнө тиешелүү теориялык негиздери, методологиялык шарттары калыптанып жатат. Келечекти изилдөөнүн айрым методдору (ыкмалары, курал-шаймандары) тигил же бул тармакта жемиштүү колдонулуп, айрымдары сынактан өтүп жатат. Азырынча, терминология-лык макулдашууну талап кылган жагдайлар да бар. Айталы, бул тараптагы иш-аракеттер «футурология», «футуристика», «фью-черс», «форсайт» же тырмакчага алынып «келечекти изилдөөлөр», «келечекти иликтөөлөр» аталууда.
Биздин топ келечекти изилдөөгө жана ага камынууга багыттал-ган теориялык жана практикалык (прикладдык, колдонмо) иш-чаралар тармагын «футурономика» атайт. Бул жаңы, жасалма термин. Сиңеби-жокпу убакыт көргөзөт деген ойдобуз. Ошондой эле жалпы кыймыл алкагында «келечек сабаттуулугу», «келечекти ойлоо», «келечекти куруу», «келечекти башкаруу» сыяктуу өзүнчө багыттар калыптанууда. Келечекти ийгиликтүү изилдөөнүн инструменттери да инвентаризация болушу зарыл. Бирок, талашсыз нерсе мындай: биздин доор – ыкчам өзгөрүүлөрдүн, жаңы технологиялардын, күтпөгөн окуялардын доору; ошондуктан келечекти алдын-ала изилдөөнү, өздөштүрүүнү колго алып, ага азыртан камынып, мүмкүн болушунча келечекти талапка жараша, каалаганыбыздай курууга аракет кылышыбыз керек. Канчалык кыйын болбосун, канчалык күмөн жаратпасын бул иш жасала баштады, тажрыйба топтолууда, ыкма-шаймандар улам жакшырууда.
Албетте, келечекти изилдөөнүн негизги максаттарынын бири – жаңылоо, коомдук турмуштун тигил же бул тармагына жаңылык киргизүү, кыйынчылыктарды азайтып, жоюп, шартка жана максатка ылайык жакшыртуу. Дүйнөлүк адабиятта келечек темасы инновация маселелери менен тыгыз каралат. Инновациячыл ойломдун өзү келечек көздөгөн ойлом.
Кыргызстанда инновациялык иш-аракеттин укуктук негиздери Кыргыз Республикасынын «Инновациялык иш жөнүндө» мыйзамында аныкталган (2023-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган). Мыйзамдын 14-беренесинде:
9) билим берүү чөйрөсүн, илимий изилдөөлөрдү жана өндүрүштү интеграциялоону өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
10) технопаркты илимий-изилдөө жана инновациялаш иши менен байланышкан башка кызматтарды көрсөтүү жана башка жумуштарды аткаруу» – деп ырасталган.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарда интеллектуалдык менчик жана инновацияны өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы» иштелип чыккан. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылы 20-майдагы токтому менен бекитилген. Номери 265). Бул документте да инновациянын илим изилдөө иштери менен ажырагыс байланышы белгиленген. Ал эми мындай илимий изилдөөлөрдүн маанилүү бөлүгүн «келечекти изилдөөлөр» түзүлүш зарыл.
Канадалык илимпоз Р. Состак дүйнөнүн ар бир университетинде тарых кафедрасы бар, бирок айрымдарында гана келечек изилдеген структура иштейт деп кейийт. Ал «Дүйнөлүк тарыхка маани бериш» (2021) эмгегин жарыялаган соң «Келечекке маани бериш» (2022) деген эмгегин сунуштады. Айтайын дегеним, өткөндү маанилеп изилдеген окумуштуу келечекти да маанилеп изилдеш зарылдыгын айгинелеп, мазмундуу ойлорун ортого коюп олтурат. Состактын айткандарына басым жасап жатканыбыздын дагы бир себеби, ал дисциплина аралык изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча да белгилүү адис. Ал эми келечек көп илимдер биргелешип изилдей турган предмет экени талашсыз. Эмгегинин кириш сөзүндө келечекти изилдегендердин атынан биз келечекти изилдөөнүн түйүндүү маселелери жаатында макулдашууга жетиштик, келечекти изилдөөнүн жолдорун кеңейтип, куралдарын байыттык, бирок, кайсы жолдор алгылыктуу жана каалаган келечекке кантип жетсек болот- бул жаатта ойдогудай макулдашууга жете элекпиз деп, биздин оюбузча, жагдайды туура баалайт (Szostak R 2022. P. 1).
Жаңы доордун талаптарына ылайык, элден калбай, көз каранды болбой, жаңылыкты өз учурунда өз кызыкчылыктарыбызга жараша колдонуп, өлкөбүздүн өсүшүнө, элибиздин бейпил жана жетиштүү жашашына шарт түзүү максатында биз да «келечекти изилдөөлөрдү» колго алышыбыз керек. Менимче, мындай иш чаралар аткарылышы максатка ылайык:
– Республикада эксперттик иш-аракетти, эксперттер жамаатын колдогон мамлекеттик саясат жүргүзүү.
– «Келечекти изилдөө» иштерин жолго коюу жана өнүктүрүү багытында Президенттин буйрутмасын же өкмөттүн токтомун чыгаруу.
– Кайсы бир форматта «келечекти изилдөө» жаатында республикалык маалымат-методика борборун түзүү, анча көп каражат талап кылбаган, чакан топ иштеген абалда). Методикалык куралдарды даярдоо, тренингдер (машыгуулар) өткөрүү.
– Бара-бара алдынкы университеттерде, экономиканын негизги тармактарында «келечекти изилдөө» ишине адистешкен чакан топторду түзүү.
– Студенттерди, жаштарды «келечекти сабаттуу ойлонууга» үйрөтүп, «келечек маданиятын» өнүктүрүшүнө кам көрүү.
«Келечекти изилдөө» алкагында республикада буга чейин кабыл алынган «Өнүгүү концепциялары», «Өнүгүү стратегиялары» кандай иштеп жатат, чаң басып текчелерде жыйылып турабы же колдонулуп жатабы, канчалык өзүн актады, кандай түзөтүүлөргө муктаж – ушул маселелерди иликтөө жана тактоо.
Арийне, бул тизмени дагы уласак болот. Бирок, башында шымаланып аткара турган иштер ушулар деп ойлойбуз.
Жамгырбек БӨКӨШОВ,
философия илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер