Маалыматтык коопсуздук жана маалыматтык суверенитет, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн саясий-идеологиялык жактан камсыздоо, коомдук пикир үчүн айыгышкан күрөш сыяктуу проблемалар мамлекеттик медиа ресурстарынын, анын ичинде басылмалардын ролун жогорулатуу, таасирин арттыруу жана атаандаштыкка кудуретин күчөтүү маселесин ого бетер актуалдаштырды.
Чет мамлекеттер тарабынан жетиштүү каржыланган агенттиктерге кубаттуу мамлекеттик маалымат булактары гана туруштук берип, чакырыктарга татыктуу жооп кайтара алат. Буга коллективдүү Батыштын гибриддик чабуулунун, маалыматтык агрессиясынын мизин кайтарып келе жаткан Россиянын тажрыйбасы айкын далил. Мисалы, күнүгө миллиондогон нуска менен чыгуучу “Российская газетанын” уюштуруучусу Россиянын өкмөтү болгондуктан толугу менен федералдык бюджеттен каржыланат (бюджети жылыга 700 млрд. рублдин тегерегинде, башкы редакциясында 1300 киши иштейт, ондогон мамлекеттерде өкүлчүлүктөрү, кор-пункттары бар).
“Российская газета” медиа мейкиндикте цитаталанышы боюнча 3-орунда турат. Көз карандысыз деп формалдуу эсептелинген, аныгында Кремлдин саясатын жүргүзгөн “Известия”, “Независимая газета” сыяктуу абройлуу жана таасирдүү газеталар Россиянын мамлекеттик финансылык институттары жана бизнес структуралары аркылуу каржыланат.
Республикабыз туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Кыргыз Республикасынын Президенти реалдуу ишке ашырып жаткан жана жаңы баштала турган мега долбоорлорду, мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга каршы күрөштү, биздин өлкөнүн эл аралык масштабдагы демилгелерин, “Ынтымак Ордонун” социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган саясатын маалыматтык камсыздоо жана идеологиялык жактан коштоо мамлекеттик маалымат агенттиктерин, анын ичинде жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» газетасын колдоо аркылуу алардын таасирин арттырууну талап кылат.
“Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деген кеп бар. Кыргызстанда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин офистери, медиалары, өкүлчүлүктөрү иштеп, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде үстөмдүк абалды ээлегенге аракет жасап келаткандыктары жана кайсы бир учурда максаттарына жетип, мамлекеттик башкарууга маалыматтык кысым жасоого кылган учурлары болгону эч кимге жашырын эмес. Мындан сырткары, чет элдик финансы уюмдары, эл аралык өкүлчүлүктөр тарабынан каржыланган жергиликтүү медиалар, сайттар, басылмалар да жашап келген, азыр да андай маалымат каражаттары өз жашоосун улантып келатабы, так маалымат жок.
Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери маалыматка жана маалымат мейкиндигине өтө чоң маани беришет. Башка өлкөлөрдүн аймагында маалымат мейкиндигин ээлеп, ал өлкөдө өз таасирин арттыруу үчүн өз өлкөлөрү тарабынан каржыланган маалымат каражаттарын ыктуу пайдаланышат.
Биз акыркы 30 жылда бул жагынан аксап, маалымат мейкиндигибизди башкаларга тарттырып ийген учурлар болгонун моюнга алышыбыз керек. Буга “мамлекеттик менчик болбошу керек, мүлк да, сөз да мамлекеттен ажыратылышы керек” деген батышчылар маалыматтык талааны чет элдик маалымат каражаттары ээлеп алышына өзгөчө роль ойношкону белгилүү. Мына ошолордун тукуруусу менен, Улуттук телерадиокомпания коомдук телерадиокомпанияга айлантылып, натыйжада, УТРКнын ондогон жылдар топтогон репутациясына сокку урулган.
Болбосо, туу, герб, гимн, конституция сыяктуу айныгыс мамлекеттик атрибуттардай эле, маалымат коопсуздугу да кол тийгис саналып, ал улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын кол тийгис болушуна кызмат кылышы шарт деп эсептеген болсок, УТРКнын коомдук компанияга айланышына жол бербейт элек.
Дагы жакшы, эсибиз барда этегибизди жаап, азыр кайрадан Улуттук телерадио берүү корпорациясы болуп калды. Мамлекет көңүл бөлүп имаратын оңдоп берип, мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп жатат. Кечээ жакында “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин имараты да капиталдык ремонттон өтүп, журналисттердин иш шарттарын жакшыртуу максатында эмеректер жана техникалык базасы жаңыланып, айлык маяналар жогорулатылды.
Мындай өзгөрүүлөр колдоого гана арзыйт.
Акыркы жылдарда блогерлер алдыңкы планга чыгып, ошолордун постторун миңдеген адамдар окуп, миңдеген подписчиктерди топтоп жаткандай көрүнгөн менен, чын-чынына келгенде, миңдеген блогердин социалдык түйүндөрдө жазган посттору “Кабар” улуттук агенттиги жарыялаган бир кабарга, “Кыргыз Туусу” жарыялаган бир макалага, УТРКдан кеткен бир сюжетке арзыбай турганын ачык эле айтып коюшубуз керек.
Оппоненттерин туш-тушунан тытмалаттырып, жаманатты кылганга, өзүнө жакпагандарды каралаттырып, терс коомдук ой-пикир түзүү үчүн топураган блогерлерди пайдаланган күчтөр өздөрүнүн мындай пас, жийиркеничтүү кадамдарынан эртеби-кечпи кайтууга тийиш. Блогерлер менен коомдук пикир түзөбүз, маалымат мейкиндигин алабыз дегендер өтө катуу жаңылышып жатат. Бүгүн алар блогерлердин зор армиясын башкаларга каршы иштетип жаткандай, мезгил келет, башкалар да эртең эле ошол блогерлерди ошолордун өзүлөрүнө каршы иштетет.
Эч бир жерде штатта катталбаган, бирок штатта тургандардан көп жалыйна алышкан блогерлердин зор армиясы эч качан масс-медиага альтернатива боло албайт. Болгону журналисттик ишмердикке көлөкө түшүрөт, сабатсыз посттору менен коомчулуктун көңүлүн кайт кылат, жийиркеничти пайда кылат.
Дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрү расмий маалыматтарды гана маалымат катары тааныйт. Же дүйнөгө өзүнүн объективдүү жана курч анатиликалык маалыматтары менен таанылган, аброй жыйнаган “Блумберг” сыяктуу маалымат агенттиктери тараткан маалыматтарды өтө олуттуу кабыл алышат.
Бир жылы Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде “Кабар” улуттук маалымат агенттигин республикалык бюджеттен кошумча каржылоо жөнүндө маселе көтөрүлүп, маалымат агенттигинин техникалык базасын жаңылоо максатында 6,9 млн. сом бөлүүнү сураганы айрым депутаттардын сынына кабылганы эсибизде. Ошондо депутаттардын бири “Кабарды” деле эч ким окубайт” дегендей пикирин айтып, биз, “Кыргыз Туусу” гезити коллегаларыбызды колдоп, антип билдирүү жасаган депутат аталган агенттиктен кечирим суроого тийиш деп айтканбыз.
Биз билгенден “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин маалыматтары дүйнөнүн алты тилинде таркатылат. “Кабарды” кыргыз, орус тилдүүлөрдү айтпаганда, англис тилдүүлөр да, кытай тилин билгендер да, түрк тилдүүлөр да, араб тилдүүлөр да окуй алышат. Маалыматтын баасын, наркын түшүнгөн адамга бул чоң жетишкендик.
Кыргызстан тууралуу расмий, так маалымат издегендер, эгер өздөрүн сыйлаган болсо, оболу “Кабардын” маалыматтарын карап, андан ары жеке менчик маалымат агенттиктеринин сайттарын карашат. Бул расмий маалымат алуудагы бүт дүйнөгө орток тренд.
Кээде айрым мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, же кызматкерлеринен “Кыргыз Туусу” гезити дагы деле чыгып жатабы, жабыла элекпи, азыр гезит окулбай калды да дегенди угуп калабыз.
Туура, азыр маалыматтык технологиялардын заманы. Маалымат алуунун миң түркүн жолдору бар. Азыр каалаган маалыматыңды каалаган тилде ала аласың. Тил билбегениң деле чоң маселе эмес. Азыр жасалма интеллект кайсы тилдеги маалымат болбосун, көз ачып жумганча которуп бере салат. Минтип, бүт дүйнө колуңдагы смартфонго байланган чакта, маалыматтарды убагында тез тарата албаган, окурманга маалыматтарды кеч жеткирген ыкшоо гезиттердин кереги жоктой туюлушу мүмкүн.
Арийне, антип маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүк канчалык кеңейген сайын, гезиттер өзүнүн доорун бүткөндөй сезилген менен, маалыматтын көз карандысыздыгы, башка өлкөлөрдүн, башка күчтөрдүн таасири жоктугу эгемендүүлүктүн бир атрибутундай эле сезилет.
Соңку чейрек кылымда маалыматтык технологиялардын болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүгүшүнөн улам, дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун маалыматтык кооп-
суздук алдыңкы орунга чыкты. Биз муну көп этибарга албай элебиз. Кыргызстандын маалымат мейкиндигин чет өлкөлөрдүн ЖМКлары жана чет өлкөлүк финансы уюмдары тарабынан каржыланган маалымат булактары ээлеп алган. Мунун өзү бизде маалыматтык коопсуздук коркунучта эмеспи деген кооганы пайда кылат.
Бир жылдарда “Кабар” агенттигин, УТРКнын кереги жок, мамлекет үчүн ашыкча жүк дегендер бир кылымдык тарыхы бар “Кыргыз Туусу” гезитин бир сыйра тепкилеп, аны жаап салуунун аракеттерин көрүшкөн. Мамлекеттик бюджеттен каржылабаш керек деп, “Кыргыз Туусу” мамлекет тарабынан каржыланбаса да, бюджеттен каржыланбашын талап кылышкан. Өз кезегинде бийлик бутактары алардын жетегинде калышкан.
Мунун баары Кыргызстандын маалымат мейкиндигин чет өлкөлүк маалымат каражаттары үчүн гана ачык маалымат талаасына айлантууну көздөгөндүктөн улам жасалган кадамдар болчу.
Мамлекетте маалыматтык саясат жок болуп, өлкөнүн маалымат мейкиндиги чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын жана эл аралык финансы уюмдары тарабынан каржыланган маалымат басылмаларынын таландысында калгандыктан, алар коомдук ой-пикирди козутуп олтуруп, анын натыйжасы 2005-жылдын март окуясына жана 2010-жылдын апрель окуясына алып келгени белгилүү.
“Карма ууруну кармалап ууру жүрөт” дегендей, эл аралык эксперттер УТРКнын, “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин, “Кыргыз Туусунун” мамлекеттик болушуна жана мамлекет тарабынан каржыланышына каршы болушу да, ошол эле учурда Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде өзүн балыктай эркин сезген чет элдик басылма каражаттары чет өлкөлөр тарабынан каржыланып жатканы, аларда ошол каржылаган өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген маалыматтар басымдуу экенин айткылары келишпейт. Кыргызстандагы эркин басылмалардын, медиалардын айрымдары да эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып жатканын мыйзам ченемдүү нерсе катары кабыл алышат. Бул эмне деген кош стандарттуулук.
Кыргызстан азырынча дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн маалымат мейкиндигине барып мурдун тыгып, өз кызыкчылыктарын таңуулоонун аракетин кылган жок. Тилекке каршы, башкалар биздин маалымат мейкиндигибизге кирип, каалашынча мурдун тыгып, өз билгендерин жасап жатышат. Ошого да ыраазы болбой, айрым күчтөр Кыргызстан өз маалымат мейкиндигинде өзү үстөмдүк кылышын каалабай жатканы өтө өкүнүчтүү.
Ырас, маалыматтык коопсуздук каражат талап кылат. Арзыбаган акчаны. А чындыгында маалыматтык коопсуздук андан алда канча кымбат турат. Эл аралык эксперттер каалайбы же жокпу, Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинде мамлекетке караштуу телеканалдар, маалымат агенттиктеринин, “Кыргыз Туусуна” окшогон мамлекеттик басылмалардын маалыматы үстөмдүк кылууга тийиш. Башка альтернатива жок.
Мамлекет ошондо гана “маалыматтык майдандан” утат. “Маалыматтык кризиске” учурабайт. Антпесе, тышкы күчтөр маалыматтык согуштан үстөмдүк кылып кеткен учурда, өлкөдө башаламандыктар, ыйкы-тыйкылыктар, өз ара түшүнбөстүктөр пайда болушу ыктымал.
Маалыматтык коопсуздук – улуттук коопсуздуктун ажырагыс бир бөлүгү. Мамлекет көзөмөлдөгөн маалыматтык мейкиндигибиз канчалык кеңири болсо, маалыматтык коопсуздугубуз ошончолук бекем жана урагыс болот.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”