Абак жетишпеген Англия

Англияда абактардагы орундардын жетишсиздигинен улам кылмышкерлерди мөөнөтүнөн мурда чыгаруу демилгеси көтөрүлдү.

Мындай кабарды The Guardian басылмасы Англиянын Юстиция министри Шабана Махмуддун билдирүүсүнө шилтеме келтирүү менен таратты. Шабананын айтымында, мурда бир жылдан төрт жылга чейин соттолуп, кийин абактан чыккандан кийин кайра кылмыш кылгандар 28 күн гана абакта кармалышат. Бул кадам 1,4 миң абак орунун бошотот. Белгилей кетсек, мындай демилге укук коргоочулар тарабынан сын пикирге кабылган. Алардын ою боюнча мындай жеңил жаза берүү кылмышкерлерге элди каалагандай калчап, эзүүсүнө жол берет. Эгер абактагыларды азайтпаса ушул жылдын ноябрь айында абактарда орун калбай калары да айтылып келет.

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар