Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү айрым пансионаттарда жээкке кирүү үчүн акы алган учурлар тууралуу билдирүү жасады. Ага ылайык, Ысык-Көл райондук администрациясында атайын штаб түзүлүп, мындай учурлар териштирилип жатат.
Маалыматта төмөнкүдөй жазылган:
«Штабдын курамына укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дагы башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү кирген. Алар эс алуу жайларындагы жана пансионаттардагы мыйзам бузууларды, анын ичинде эс алуучу объектилерге кирүүгө акы алынган учурларга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Айрыкча, жарандардын көл жээгинде эркин жана тоскоолдуксуз жүрүү укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда».
Буга чейин Palm Beach эс алуу жайы пирске киргендерден акча алып жатканы, мунун айынан эс алуучулар менен бул жайдын куткаруучуларынын ортосунда түшүнбөстүк болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Облустук ички иштер башкармалыгы төрт адам милицияга жеткирилигенин билдирген.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2023-жылы августта “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгын өзгөрткөн. Анда көлдөгү кум жээктерге бардык жарандар ээн-эркин кире алат деп жазылган.
Бул жарлык ошол жылдын май айында чыгып, анда июлдан тартып негизинен Ысык-Көлдүн тургундары гана пляждарга ээн-эркин кирип чыга алат деп көрсөтүлгөн.
Документтин негизинде менчик түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биоажатканалар менен жабдууга да милдеттендирилген.

