Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Чагылгандын көз жашы" романы Түркияда басылып чыкты

«Чагылгандын көз жашы» романы Түркияда басылып чыкты

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов жөнүндөгү «Чагылгандын көз жашы» аттуу романы түрк тилине которулуп, Түркияда басылып чыкты. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, романды түрк тилине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, жазуучу Мухиттин Гүмүш которгон.

«Касым Тыныстановдун бул чыгармасы менен мен XX кылымдын биринчи жарымында кыргыз боордошторубуз чеккен азапты жон терим менен сезип, ичим эңшерилип котордум. Самсак Станалиев ал мезгилди өз көзү менен көргөндөй майда-чүйдөсүнө чейин жазганына таң калдым», – деген котормочу.

Аталган романда Касым Тыныстановдун балалыгы, илимге жана адабиятка кошкон салымы, 1920–30-жылдардагы советтик доордогу коомдук-саясий окуялар кеңири чагылдырылган.

2022-жылы бул чыгарма Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Тилде, пикирде жана иште биримдик: Түрк дүйнөсүнүн адабияты” сыйлыгында «Эң мыкты кыргыз романы» деп табылган.

“Чагылгандын көз жашы”, “Жылдын эң узак күнү”, “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык романдарынын автору  Самсак Станалиев 2024-жылы, 74 жаш курагында акка моюн сунган. Быйыл жазуучунун 75 жылдыгы белгиленет.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар