Башкы беткеРубрикаларАймактарӨзгөндө эскилиги жеткен мектептин ордуна жаңысы салына баштады

Өзгөндө эскилиги жеткен мектептин ордуна жаңысы салына баштады

Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылында И. Базаркулов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Билим уясы 275 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу болот. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 233 млн сомдон ашык акча каралган.

«Мектеп спорт залы менен кошо заман талабына ылайык бардык шарты менен курулат», — деп айтылат маалыматта.

Мектептин курулушуна капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышкан.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кырман айылындагы И. Базаркулов атындагы орто мектептин эски имараты 1977-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө эскилиги жеткен мектепте 650дөн ашык окуучу билим алат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар