Башкы беткеМаанилүүКытай "Бедел" өткөрүү пунктунун курулушуна 41,4 млн доллар грант бөлөт

Кытай «Бедел» өткөрүү пунктунун курулушуна 41,4 млн доллар грант бөлөт

Кытай кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрүү пунктунун курулушуна 41,4 млн доллар грант бөлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Үрүмчү шаарында Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун башчысы Ма Синруй менен жолугушту.

Анда «Бедел» өткөрмө жайын жана Барскоон — Бедел — Үчтурфан — Аксуу автожолунун курулушун тездетүү талкууланды. Тараптар Үрүмчү – Ош жана Кашкар – Ош түз аба каттамдарын ачуу иштерин тездетүүнү да сүйлөшкөн.

«Бедел» өткөрмө бекети кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болуп калды. Ал 2024-жылдын сентябрында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ачылган. Бийлик жол, бажы жана чек ара инфраструктурасынын толук масштабдуу курулушу 2027-жылга чейин аяктай турганын белгиледи.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар