Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өнүгүү жолу – бул мүчө мамлекеттердин тилектештиги менен жалпы максаттарын чагылдырган таасирдүү, шыктандыруучу жана көп кырдуу сапар. Уюмдун расмий негизделиши 2009-жылы Нахчыван макулдашуусу аркылуу ишке ашканына карабастан, түрк элдеринин кызматташтыкка жана биримдикке болгон умтулуусу кылымдардан бери сакталып келген терең байланыштарга негизделет.
1990-жылдардын башында, Советтер Союзу кулагандан кийин, түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлеринин алгачкы саммиттери өткөрүлгөн. Бул жолугушуулар биздин элдердин биримдикке, өз ара түшүнүшүүгө жана ар кыл тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон умтулуусун символдоштурган. Мына ушул тилектештик духу Нахчыван макулдашуусуна негиз болуп, биздин жалпы максаттарыбызды институционалдык деңгээлде ишке ашырууга шарт түзгөн.
ТМУнун уникалдуулугу жана өнүгүүсү
ТМУнун уникалдуулугу анын экономикалык кызыкчылыктар же интеграция сыяктуу практикалык маселелер менен гана чектелбестен, мүчө мамлекеттердин терең тарыхый, тилдик, маданий жана салттык биримдигине негизделгендигинде. Бул жөн эле өнөктөштүк эмес, чыныгы бир туугандык мамиле.
Бүгүнкү күндө ТМУ 35тен ашуун багытта, анын ичинде тышкы саясат, соода, энергетика, жашыл экономика, санариптештирүү, ошондой эле космос-тук изилдөөлөр жана жасалма интеллект боюнча активдүү иш алып барууда.
Бүгүн ТМУ түрк мамлекеттеринин ортосундагы туруктуу диалогдун жана кызматташтыктын негизги платформасына айланды.
Акыркы убакта болгон өзгөрүүлөрдүн бирин баса белгилеп кетүү зарыл. Бул көрүнүштү жетишкендик катары баалоого болот. Азыркы учурда мүчө мамлекеттер өз ара эки тараптуу мамилелерин Түрк мамлекеттер уюмуна болгон мүчөлүгүнүн негизинде түзүп жатышат. Бул жаңыча көз караш – түрк элдеринин байланышын дагы да бекемдеп, мамилелерге бир туугандык духун алып келип, ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташууга өбөлгө түзүүдө.
Уюмдун тарыхындагы олуттуу бурулуштардын бири 2021-жылы болуп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышы Түрк Мамлекеттер Уюму деп өзгөртүлдү. Бул өзгөрүү символикалык көрүнгөнү менен, ТМУнун таасири жана масштабы кеңейип жатканын билдирет. Башында төрт мамлекет мүчө болгон уюм бүгүн сегиз мамлекетти жана бир эл аралык уюмду бириктирет. Бул кеңейүү ТМУнун аймактык жана эл аралык деңгээлде олуттуу уюмга айланганын көрсөтөт.
Коопсуздук жана глобалдык чакырыктарга жооп берүү
Акыркы жылдары коопсуздук жаатындагы кызматташтык ТМУ үчүн негизги багыттардын бири болуп калды. Буга дүйнөлүк жана регионалдык олуттуу чакырыктар, анын ичинде көп полярдуулуктун күч алышы жана мүчө мамлекеттердин ички коопсуздук көйгөйлөрү себеп болду. «2040-жылга карата көз караш» жана «ТМУнун 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы» документтеринде саясий жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы баса белгиленген. Негизги багыттарга үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү, аскердик жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле терроризм, экстремизм, миграция жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттер кирет.
Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ТМУ бир катар маанилүү механизмдерди иштеп чыкты. Алардын катарына Улуттук коопсуздук кеңештеринин жыйыны, коопсуздук маселелери боюнча консультациялар жана көп тараптуу саясий талкуулар кирет. Мындан тышкары, чалгындоо жаатындагы кызматташтыктын өнүгүшү, глобалдык маанидеги маселелерди биргеликте талкуулоо, коргонуу технологияларын өркүндөтүү жана чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча демилгелер бар.
Экономикалык кызматташтык: ири потенциал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
Экономикалык интеграция – ТМУнун башкы приоритеттеринин бири. Уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы калкы 170 миллионго жетет, ал эми аймагы 4,5 миллион чарчы чакырымды камтыйт. Бул түрк элдерине уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, чыгыш менен батышты, түндүк менен түштүктү байланыштырат. Учурда ТМУга мүчө мамлекеттердин жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 860 миллиард долларды түзөт. Бирок анын 5%ы гана, же 42,3 миллиард доллар, ички соодага туура келет. Бул көрсөткүч азырынча потенциалыбызга жете элек болгону менен, жакшы өсүү динамикасы байкалууда. Бир нече жыл мурун бул көрсөткүч болгону 3% болчу. Биздин алдыбыздагы максат – бул үлүштү 10%га чейин жеткирүү.
Бул максатка жетүү үчүн «2040-жылга карата түрк дүйнөсүнүн көз карашы» жана 2022–2026-жылдарга карата ТМУнун стратегиялык планы иштелип чыкты. Аталган документтер аймактык интеграцияны күчөтүүгө багытталган. Түрк инвестициялык фонду, Түрк соода-өнөр жай палаталарынын биримдиги жана Санариптик экономикада өнөктөштүк жөнүндө келишими сыяктуу демилгелер экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошот.
Ортоңку коридор –жаңы Жибек жолу
Транскаспий эл аралык чыгыш-батыш коридору, же Ортоңку коридор, уюмдун транспорт жана логистика тармагындагы негизги долбоорлорунун бири. Бул маршрут ТМУга мүчө мамлекеттердин аймагынан өтүп, уникалдуу артыкчылыктарды сунуштайт. Ал Түндүк коридордон 2000 чакырымга кыска жана Кытайдан Европага жүктөрдү деңиз жолдоруна караганда үч эсе тез, 15 күн ичинде жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу Ортоңку коридор боюнча жүк ташуу-нун көлөмү 2030-жылга чейин үч эсеге артып, 11 миллион тоннага жетет деп болжолдонууда. Бул коридордун маанилүү бөлүгү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу болуп саналат. Эске сала кетсек, аталган темир жолдун курулушунун расмий баштоо аземи 2024-жылдын 27-декабрында Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын президентинин катышуусунда өттү.
Бул темир жолу жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Бул тууралуу президент С.Жапаров Жалал-Абадда темир жолдун курулушуна старт берип жатып айтты. Жалпысынан бул темир жолу транзиттик аралыкты кыйла кыскартып, жылына 15 миллион тоннага чейин жүк ташууга мүмкүндүк берет.
Транспорт жана бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктерибизге Жеңилдетилген бажы коридору жана Эл аралык аралаш жүк ташуу сыяктуу макулдашуулар жана логистиканы жөнөкөйлөтүп, сооданын эффективдүүлүгүн арттырууга көмөктөшүп жаткан E-TIR, E-Permit жана E-CMR сыяктуу санариптик демилгелер кирет.
Эл аралык уюмдар менен кызматташтык
Түрк мамлекеттер уюму регионалдык жана глобалдык таасирин арттыруу жана көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу максатында, мамлекет башчыларынын тапшырмаларынын негизинде, ошондой эле «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» жана «ТМУнун 2022–2026-жылдарга карата стратегиясында» белгиленген пландарга ылайык, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты активдүү бекемдөөдө. Биз Женева, Вена, Брюссель, Париж жана Нью-Йорк шаарларындагы эл аралык уюмдар жана алардын регионалдык кеңселери менен натыйжалуу кызматташтыкты орноттук.
ТМУнун Катчылыгы негизги эл аралык уюмдар менен максаттуу иш пландарын жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарын иштеп чыгып, кол койду. Бул уюмдар арасында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Калктуу конуштар боюнча программасы (ООН-Хабитат), БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча программасы (ЮНИДО), Тамак-аш жана айыл чарба уюму (ФАО), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) сыяктуу маанилүү уюмдар бар.
Мисалы, ООН-Хабитат менен туруктуу шаарларды өнүктүрүү
боюнча меморандумга, ЮНИДО менен жаңылануучу энергия жана туруктуу өнүгүү багытында биргелешкен билдирүүгө кол коюлуп, ДСУ менен 2024-2025-жылдарга карата өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо жана калктын жыргалчылыгын камсыз кылуу багытындагы иш-аракеттердин планын бекиттик.
Ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Персия булуңунун Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши, Ислам Кызматташтык Уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму, АСЕАН, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму, Африка Биримдиги сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу сая-сий таасирибизди кеңейтип, дипломатиялык аброюбузду бекемдөөгө жана экономикалык туруктуулугубузду арттырууга өбөлгө түздү. Мындай эл аралык кызматташтык жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө жана өз ара кызыкчылыктарды алга жылдырууда чоң роль ойнойт.
Эл аралык деңгээлде түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктарын илгерилетүү жана баалуулуктарын дүйнөгө таанытуу максатында биз активдүү жана ар тараптуу дипломатиялык ишмердүүлүктү жүргүзүп келебиз. Бул багыттагы эң олуттуу жетишкендиктердин бири – 2024-жылдын апрелинде БУУнун Женевадагы кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлгөн «Түрк жумалыгы» иш-чарасы болду. Аталган иш-чара түрк мамлекеттеринин эл аралык аренадагы биримдигин, маданий жана саясий өз ара байланышын даңазалаган маанилүү платформага айланды.
Түрк аптасынын алкагында биз бир катар ири эл аралык иш-чараларды уюштуруу менен түрк мамлекеттеринин кызматташтыгынын дүйнөлүк аренадагы ордун чыңдап, анын таанымалдуулугун арттырууга маанилүү салым коштук. «Түрк аптасы» долбоорунун чоң ийгилиги бизди жаңы демилгелерге шыктандырып, бул иш-чараны башка ири шаарларда да өткөрүү пландарын түзүүгө жол ачты.
Жалпысынан ушул аракеттердин аркасында ТМУ өзүн эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү өнөктөшү жана аймактагы негизги оюнчу катары көрсөтүп, туруктуу өнүгүүгө, экономикалык интеграцияга жана регионалдык туруктуулукка өзгөчө көңүл буруп, аймактык жана глобалдык деңгээлде таасирин кеңейтип жатат.
Маданият жана билим берүү
Билим жана маданият биздин кызматташтыгыбыздын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Түрк мамлекеттер уюму бул тармактарда да активдүү иш жүргүзүп келет. Түрк университеттер биримдигинин түзүлүшү студенттер менен окутуучулардын алмашуусун камсыз кылып, билим берүүдө жалпы стандарттарды жайылтууга багытталган. Бул биримдикке Кыргызстандын алты жогорку окуу жайы кирет, алар: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Кыргызстандын Эл аралык университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ош мамлекеттик университети жана Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин уюм үчүн өзгөчө мааниге ээ. 2012-жылы Кыргызстанда башталган бул оюндар бүгүнкү күндө биздин маданиятыбызды дүйнө жүзүнө тааныткан чоң майрамга айланды. Казакстанда өткөн акыркы оюндарыбыз ийгиликтүү өтүп, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган 6-чы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чыдамсыздык менен күтөбүз.
Туризмди өнүктүрүү
Биздин маданий туризм боюнча жүргүзгөн демилгелерибиз чоң жетишкендиктерге жетүүдө. Өткөн жылы мүчө мамлекеттердин туристтик багыттарын алдыга жылдыруу, аймакка туристтерди көбүрөөк тартуу жана түрк дүйнөсүндөгү тарыхый, маданий жерлер жөнүндө маалыматты жайылтуу максатында бир нече маанилүү долбоорлор ишке ашырылды.
Биринчи кезекте, «Түрк Жибек жолу» долбоору өзгөчө орунду ээлейт. Бул долбоордун алкагында жаңы веб-сайт – www.turkicsilkroad.com ишке киргизилди. Веб-сайтка кирген ар бир адам, түрк дүйнөсүндөгү эң кызыктуу туристтик багыттар, акыркы туризм жаңылыктары жана макалалар, ошондой эле туристтик жерлерди көрсөтүүчү сүрөттөр менен видеолорду таба алат.
Экинчи маанилүү долбоор – «Табаррук Зиярат долбоору». Бул долбоор уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердеги түрк-ислам цивилизациясына байланышкан тарыхый, руханий жана маданий мурастарды көрсөтүү аркылуу туристтерди тартууну максаттайт. 2023-жылы, ТМУнун колдоосу менен, Өзбекстандын ыйык жерлерине алгачкы тур уюштурулду. Бул туризмдин жаңы багыттарын ачуунун жана тарыхый мааниси чоң жайларды дүйнө жүзүнө таанытуунун жолун ачты.
Ошондой эле «Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору» программасы да маа-нилүү. Бул программа мүчө өлкөлөрдүн шаарларынын таанымалдуулугун арттырып, алардын туристтик потенциалын көрсөтөт. Бул программанын алкагында Кыргызстандын Жалал-Абад шаары 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн Туризм борбору болуп белгиленди.
Мындан тышкары кышкы туризмге кызыгуу күчөп жатканын көрүп жатабыз. Түрк тоо лыжа базаларынын биримдигинин түзүлүшү биздин табигый ландшафттарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн толук ачуу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет. Быйыл Өзбекстанда биринчи Түрк тоо лыжа кубогу өтөт, ага ТМУнун бардык өлкөлөрүнүн тоо лыжа курорттору катышат.
Маданий туризмди өнүктүрүүдө биргелешкен аракеттерибиз дүйнөлүк аренада жогору бааланып, 2024-жылы биз «Дүйнөлүк туризм лидери» деген сыйлыкка ээ болдук. Бул сыйлык биздин инновациялык көп тараптуу демилгелерибиздин ийгилигин, ошондой эле туризм тармагындагы байланышты бекемдөөгө багытталган аракеттерибиздин натыйжасын
тастыктады.
Бишкектеги Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммити жана 2025-жылы
Кыргызстандын төрагалыгы
Бишкек саммити “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: экономикалык интег-рация, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” деген темада өтүп, биздин кызматташуубуз үчүн маанилүү кадам болду. Бул саммитте 16 маанилүү макулдашууга, чечимге жана протоколго кол коюлуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды күчөтүү жана маанилүү тармактарда өнүгүүгө багытталды.
Саммиттин негизги жетишкендиги — Бишкек декларациясынын кабыл алынышы болду. Ал биздин келечектеги кызматташуубуздун багытын көрсөтөт. Декларация экономикалык интеграция, санариптик трансформация, экологиялык туруктуулук жана коопсуздук сыяктуу маанилүү тармактарды камтып, жалпы максаттарга жетүүнүн жолдорун белгилейт. Ошондой эле, “Түрк жашыл көз карашы: туруктуу келечек үчүн биримдик” деген документке кол коюлуп, аймактагы экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жалпы максаттар жана стратегиялар аныкталды.
Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө декларацияга жана Санариптик экономикада өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул документтер туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана аймактагы санариптик трансформацияны камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Ошондой эле, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы финансылык кызматташтыкты чыңдоо үчүн Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңеши түзүлдү. Бул жаңы мекеме экономикалык өсүштү жакшыртууга көмөктөшөт. Технология тармагында ТМУнун чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу жана космостук ишмердүүлүк боюнча макулдашууларга кол коюлуп, биз биргелешкен инновацияларды жана технологиялык прогрессти өнүктүрүүгө карай кадам таштадык.
Бишкекке 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамы берилди. Бишкек санариптештирүү жаатындагы эл аралык жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлө турган санариптик борборго айланат, бул түрк дүйнөсүнүн санариптик трансформацияга болгон умтулуусун күчөтөт.
Мындан тышкары, “Түрк дүйнөсүнүн Уставы” жана “ТМУнун туруктуу өкүлдөрү боюнча жобо” сыяктуу эки маанилүү документке кол коюлуп, биздин институттук түзүлүштү чыңдап, кызматташуубузду натыйжалуу жана координацияланган түрдө улантууга шарт түздү.
Коопсуздук маселеси дагы негизги темалардын бири болуп калды. Биз “Жарандарды коргоо механизмин” түзүү боюнча маанилүү макулдашууга кол койдук. Ал биздин өлкөлөрдүн ортосунда кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга биргелешип жооп берүү үчүн шарт түзөт.
Бишкек саммитинде ТМУ төрагалыгы Кыргызстанга өттү. Кыргызстан 2025-жылы Азербайжанда өтө турган кийинки Саммитке чейин ТМУнун ишмердүүлүгүн координациялайт.
Кыргызстандын төрагалыгы менен түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык бекемделип, биздин байланыштар чыңдалат деп ишенем.
Кубанычбек ӨМҮРАЛИЕВ, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы, элчи