Башкы беткеМаанилүүТүркиялык компания Бишкек-ЖЭБ 2ге инвестиция салат

Түркиялык компания Бишкек-ЖЭБ 2ге инвестиция салат

«Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААКсы Бишкек ЖЭБ-2 газ куюучу станциясынын курулушуна 3 миллиард сомго жакын инвестиция жумшайт.
Бул тууралуу түркиялык компаниянын башкы директору Орен Ахмет Мужахид Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен долбоор боюнча сүйлөшүүлөр учурунда билдирди.   

Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2–4 жыл. Долбоордун бюджети 443 миллион АКШ долларын түзөт.

Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин курулушу калкты жана ишканаларды электр жана жылуулук энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга, энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берери белгиленди.

Эске салсак, 2024-жылдын 20-сентябрында министрлер кабинети менен «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААКсынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар