Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңеш төрагасы: "Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты өзүн актаган жок"

Жогорку Кеңеш төрагасы: «Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты өзүн актаган жок»

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты иш жүзүндө жакшы натыйжа бербегенин билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, айыл өкмөт башчысы болууну каалагандар өз айылына эмес, башка аймактарды жетектөөгө тартылып келген. Бирок бул ыкма натыйжалуу болгон жок.

«Шаар жана облус башчылары, акимдер арасында ротациялоо саясаты өзүн актады. Бирок айыл өкмөттөрдө андай жыйынтык көрө алган жокпуз. Бүгүн ар бир районду карасак, экиден-үчтөн айыл өкмөттөрдүн орду бош турат. Башка айылдарга баргандар көпкө кармылбайт, эки-үч ай, эң көп дегенде төрт-беш ай иштеп кайра кетип жатышат», – деди төрага.

Ал ошондой эле бул маселе боюнча Президент менен сүйлөшүп, Министрлер кабинетине тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

«Эл күтүп жатат. Айыл өкмөт башчыларын мурдагыдай эле өзүнүн айылынан дайындабасак болбойт. Бир айылдын өкүлү башка айылга барып натыйжалуу иштебейт экен. Муну тез арада өзгөртүшүбүз керек», – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Төрага ротациялоо маселеси маданият, билим берүү жана энергетика тармактарында да көйгөй жаратып жатканын белгилеп, мындай саясатты токтотуу зарылдыгын айтты.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар